Эл аралык байкоочулар: Шайлоодо бирдей атаандаштык болгон жок

ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу жана ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулары Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоодо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдагы ишинин жыйынтыгын жарыялады.

Алар шайлоо жана референдумду өттү деп таанып, бирок саясий жарыш үчүн бирдей шарт түзүлгөн жок деп эсептешти. Ошондой эле, байкоочулар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарында бүдөмүктөрдү аныкташкан.

Шайлоо жана референдумда кандай бузуулар болду?

Жалпысынан ЕККУнун байкоочулары шайлоо жана референдум жакшы деңгээлде уюштурулганын белгилеген. Бирок ага карабастан бир нече суроолор жаралган жана эскертүүлөр пайда болгон: алардын айтымы боюнча, талапкерлердин атаандаштыгына бирдей шарттар түзүлгөн эмес.

«Акыркы айлар Кыргыз Республикасынын эли жана саясаты драмага жана башаламандыкка толгонуна карабастан, биз жакшы деңгээлде өткөрүлгөн процессти көрө алдык. Бирок, ага карабастан, эгерде Кыргызстан өз эли үчүн иштеп турган демократияны сактап калууну кааласа, анда саясий атаандаштыкта критикалык жактан маанилүү нерселердин бири болгон атаандаштыктагы адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту сактоосу талап. Өтүп кеткен шайлоону алсак, андай шарт түзүлүп берилген жок», — деп ЕККУнун кыска мөөнөттүк байкоочулар миссиясынын атайын координатору жана башчысы Питер Юэль-Йенсен белгиледи.

Байкоочулардын маалыматына караганда, теңсиз шарт Садыр Жапаровдун финансылык жана уюштуруучулук мүмкүнчүлүктөрүндө, анын топтогон аудиториясында гана эмес, шайлоонун багыты талапкерлердин программасына эмес, алардын жеке сапаттарына такалып калганында байкалды.

«Биз көргөндөй, референдум үчүн үгүт жүргүзүүдө дагы ресурс жана катышуучуларды тартууда мүмкүнчүлүктөр чектелүү болду. Бул добуш берүүчүлөрдүн маалыматтык тандоосун солгундатты. Бул дагы олуттуу кемчилик болуп эсептелет»,— деди ЕККУнун шайлоого байкоо салуу боюнча чектелген миссиясынын башчысы Тамаш Месерич.

Байкоочулар республиканын шайлоо мыйзамында «бүдөмүктөр жана так эмес түшүнүктөр» бар экенин көргөн.

«Улуттук мыйзамда референдум өткөрүүгө негиз бар экенине карабай, ал айрым бир маанилүү маселелерде, анын ичинде референдум боюнча агитацияны аныктоодо, каттоо мөөнөтү жана үгүт иштеринин каржылык камсыздоо багытында дагы деле так эмес», — деп белгиленген байкоочулардын отчётунда.

Баяндамада үгүт мезгилинде жана шайлоолорду чагылдырууда ЖМК өкүлдөрү «сындоодо өздөрүн чектөөгө» аргасыз болушканы айтылган. Анткени жакынкы күндөрү катталган журналисттерге кол салуулар «дыкат иликтенген эмес».

«Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көп түрдүүлүгүнө карабай, соттордогу жалган-жалаа үчүн кенемте төлөө талабынан, этникалык же диний карама-каршылыктар менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдагы аша чабуулардан улам аналитикалык материалдар өтө аз болгон.

Ошол эле учурда жакында эле журналисттерге карата болгон кол салуулар дыкат иликтенген эмес, бул жазасыздык калуунун атмосферасын жаратып, ооз тыюуга алып барды», — деп айтылат баяндамада.

Ал эми башка байкоочулар шайлоо жана референдум тууралуу эмне деп айтышты?

ШКУнун байкоочулар миссиясы улук шайлоо мыйзамдарынын ченемдери бузулганын аныктаган жок, кезексиз президенттик шайлоону жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду «ачык, эркин жана легитимдүү» деп тааныды.

КМШ миссиясы дагы шайлоо жана референдумду өттү деп тааныды. Бирок байкоочулар, 2021-жылдын 9-январына карата бузуулар жөнүндө 88 факты келип түшүп, 9 кылмыш иши козголуп, айрым фактылар боюнча айып пулдар төлөнгөнүн белгиледи.

«КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары өздөрүнүн баяндамаларында аз-маз бузуулар болгонун белгилеп, ал бузуулар добуш берүү жана референдумдун жыйынтыгына таасир эте алмак эмес деп эсептешет [...] КМШга таандык байкоочулардын пикиринде, добуш берүү тартиби колдонуудагы мыйзамга ылайык жүргөн деп айтылат бул бирикменин байкоочуларынын билдирүүсүндө», —деп жыйынтыктаган миссия өкүлдөрү баяндамасын.

Ал эми ТүркПАнын байкоочулары шайлоолор дагы, референдум дагы «демократиялык жана эл аралык шайлоо стандарттарын сактоо менен» өткөрүлдү деп эсептеди.

«Президенттик шайлоо жана референдум тынч жана ошол эле учурда күчтүү атаандаштык шартында өткөндүгүн жана бардык институттар жана шайлоо процессинин катышуучулары карманган демократиялык баалуулуктардын бекем негизин көрсөткөндүгүн баса белгилейт.Шайлоо процессинин өзү ар кандай пикирлердин жана плюрализмдин мүнөздөмөсү менен талапкерлерге мыйзамдуу даттануу үчүн бардык керектүү шаймандарды берди», — деп айтылат ТүркПанын байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу билдирүүсүндө.

Байкоочулардын бул тобу кандайдыр бир мыйзам бузуулар тууралуу таптакыр эле ооз ачкан эмес.

Кезексиз президенттик шайлоо

Кыргызстандын президентинин кезексиз шайлоосу 10-январда башкаруу формасын тандоого арналаган референдум менен бир күндө өттү. Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын, же болбосо эки вариантка тең каршы добуш бермек.

11-январда БШК алдын ала алынган маалымат боюнча, кезексиз президенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 1,4 млн адамды түздү деген маалымат берген. Бул жалпы шайлоочулардын 39,55%ы. Алдын ала алынган жыйынтык боюнча, Садыр Жапаровго 1,1 млн адам же жалпы шайлоочулардын санынын 79,16%ы добушу берген.

Добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча, 12-январдын таңга маалына карата кыргызстандыктар шайлоодо Садыр Жапаровго 81,56%ы, референдумга келгендердин 83,29%ы президенттик башкаруу системасына добушун беришкени кабарланды.

Шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийинки басма сөз жыйында Жапаров «80%дан ашуун добушка ээ болорун кутпөгөнүн» билдирген. «Урматтуу кыргызстандыктар, добушуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем», — деген Жапаров, болгону 50-60% добуш алам деп күткөнүн кошумчалап.

Жапаров бийликке кандайча келди?

Садыр Жапаров 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон кыргызстандыктардын митигинин шартында бийликке келген. Анда Ак үй басылып алынып, бир катар саясатчылар абактан бошотулган. Алардын арасында Садыр Жапаров дагы болгон. Башкалар кызмат талашып жатканда, Жапаров тарапташтары менен тез арада депутаттарды чогултуп, өздөрүнө керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрүшкөн.

Жапаров премьер-министрди жана парламент төрагасын отставкага кетирип, алгач министрлер кабинетин жетектеп, андан соң президенттин милдетин аткара баштаган.

Кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн Жапаров ыйгарым укуктарын өткөрүп берип, бирок президенттин милдетин аткаруучу жана парламент төрагасы болуп үзөңгүлөшү Талант Мамытов дайындалган.

Дагы бир жакын досу, тарапташы — Камчыбек Ташиев — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеп турат. Дагы башка маанилүү кызматтарды Жапаровдун жакындары ээлеген.

Андан тышкары, Жапаров бир катар депутаттардын колдоосу менен өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү демилгелеген.

Конституциялык реформа—Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев түптөгөн «Мекенчил» партиясынын шайлоо алдындагы программасынын бир бөлүгү. Жапаровдун айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Саясатчылардын көбү жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт деп тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.