«Кысым көрсөтүү». Сегизбаевдин пиар бөлүмүнүн кызматкери УКМКга суракка чакырылды

Президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин пиар бөлүмүнүн кызматкери Нурзада Токтогулова 12-январда УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Сегизбаев өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

Чакыруу кагазында Токтогулова суракка күбө деп көрсөтүлгөн, бирок кайсы иш боюнча экени жазылган эмес.

«Биз муну куугунтуктоо жана кысым көрсөтүү деп эсептейбиз», — деп жазды ал.

Буга чейин Сегизбаев шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкканда аны тааныбастыгын билдирип, «Бакиевдердин планы» ишке ашты деп айткан. Ошондой эле шайлоо жыйынтыгын «фальсификацияланды» деп атаган.

Ал эми шайлоо өнөктүгү учурунда, 30-декабрда, КТРКда өткөн дебатта ал Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар болушу мүмкүн экендигин билдирген.

Ошондой эле Сегизбаев Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарына карата күмөн ойлорун ортого салып, Жапаровго акчаны Бакиевдер бериши мүмкүн деп божомолдогон.

Мындан сырткары ал Садыр Жапаровго бир катар суроолорду узаткан.

«2005-2010-жылдары 60 адамды өлтүрүү болуп жатканда эмне үчүн Курманбек Бакиевдин жанында жүрүп, тымпыйып унчукпай отурдуң? Максим Бакиев Кыргызстандан 3 млрд долларды алып чыгып кеткенде Кыргызстандын Коррупция боюнча башкы комиссары болуп туруп эмне үчүн эч нерсе деген эмессиң?» — деген ал суроолорунун биринде.

Анткен менен Жапаров өнөктүк учурунда өткөн дебаттардын бирине да катышкан эмес. Ал муну «ушак териштиргенди жек көргөнү» менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо референдуму өттү. Кол санактын 12-январга катара жыйынтыгы кыргызстандыктардын 81,56%ы Садыр Жапаров үчүн жана 83,29%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш бергенин көрсөттү.

Ал эми Сегизбаев шайлоочулардын добушунун 1.07%ын алды.