Шайлоо күнү МККнын байланыш бөлүмү 12 миң чалууну кабыл алды

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы кабарлагандай, 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөн күнү мекеменин байланыш бөлүмүнө шайлоо тизмесин өзүн тактоону каалаган кыргызстандыктардан 12 миң чалуу келип түшкөн.

МККнын маалыматына таянсак, чалуулар 8:00дө башталып 19:00гө чейин уланган, жарандардын чалууларына 60тан ашуун оператор жооп берген. Буга чейин 2020-жылдын декабрь айынан тартып 119 байланыш борбору МККнын мекемеге караштуу кызматкерлери менен камсыздалуусун күчөткөн.

«Операторлор дем алышсыз жана майрам күндөрү жок күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өткөрүлгөн. Эки айда өзүн шайлоо тизмесинде тактоону сурап 62 миң 854 чалуу түштү. Онлайн-консультация аркылуу 2004 кайрылуу түштү», — деп белгилешти ведомстводон.

МККдан кошумчалашкандай, 2021-жылдын 7-январынан 10-январга чейин паспорт берүү бөлүмдөрү майрам жана дем алышсыз 9дан кечки 20:00гө чейин иштешти.

«10 миңге чукукл кыргызстандык паспорт алып, шайлоого катыша алды», — деп белгилешти МККдан.