Жапаровду президенттик шайлоодогу алдын ала жеңиши менен кимдер куттуктап үлгүрдү?

Ооганстандын президенти Ашраф Гани Ахмадзай 10-январда эле Садыр Жапаровду алдын ала белгилүү болгон жыйынтыктын негизинде, кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жеткени менен куттуктаган.

Бул тууралуу Ооганстандын «Pajhwok Afghan News» жаңылык порталы твиттерге жазган. Басылма Гани Ахмадзай Жапаровго «чын ыкластан куттуктоосун жана жылуу каалоо-тилегин» жөнөттү деп белгилеген.

«Президент Гани Кыргызстандын жаңы президентинин жетекчилиги астында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу кеңейет жана бекемделет деп терең ишенет», — деп жазган «Pajhwok Afghan News».

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровго өз куттуктоосун 11-январда телеграмма аркылуу жолдогон.

Путин Жапаровдун президент катары аткарган кызматы, «кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн бардык комплексин жогорулатканга көмөктөш болот» деп эсептейт.

«Ийгилик, ден-соолук жана бакубаттулук каайлайм», — деп телеграммада жазылган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт-Токаев 11-январдагы телефондук сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаровду өлкө башчысын шайлоодогу алдын-ала жеңиши менен куттуктаган.

«Касым-Жомарт Токаев [...] добуш берүүнүн жыйынтыгы ал сунуштаган мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо программасын жалпы эл колдоого алгандыгынын белгиси», – деп билдирген Токаевдин басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматтын билдиришинче, Токаев Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Жапаров чакырууну кабыл алып, анын президент катары алгачкы иш сапары коңшулаш Казактанга болорун белгилеген.

Казакстандын президенти мындан аркы кызматташууну «боордош Кыргызстан менен достук, ынтымак жана стратегиялык өнөктөштүк багытында» уланта беребиз жана бул биздин өлкөдөрдүн түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деген ал.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин басма сөз кызматы 11-январда ал Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров менен «телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү тууралуу» билдирген.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Мирзиёев Жапаровду «шайлоодогу ишеничтүү жеңиши жана Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен» куттуктаган.

Жапаров Өзбекстандын президентине жана элине «бир тууган Кыргызстанга азыркы замандын чакырууларын басып өтүүдө жана коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү» жардамына ыраазычылык билдирди.

Телефондогу сүйлөшүүнүн алкагында тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу маселелерди жана аймактык кызматташууну талкуулаган.

Садыр Жапаровдун шайлоо штабы 12-январда Түркия республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган дагы Жапаровду Кыргызстандын президентин шайлоодогу алдын-ала жеңиши менен куттуктаганын билдирген.

«Биздин боордош элдин ортосундагы байланышты тыгыз достук мамиле менен бекемдеген кызматташтык жана мамилелерди жакшыртуу үчүн мындан ары дагы бирге иштешүүгө даярмын», — деп белгилеген Эрдоган куттуктоосунда.

Түркия президенти эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирип, кыргыз элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев 11-январда Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоодогу алдын ала жеңиши менен Инстаграм баракчасында куттуктаган.

«Бир тууган кыргыз эли жаңы президент шайлады. Мен Садыр Нургожо уулунун жеңишин четке кагылгыс жеңиш катары кубаныч менен кабыл алдым. Бул жетишкендик менен аны чын дилимден куттуктайм», — деп жазган Амреев.

Ал саясий кризистин башында Жапаров менен жолуккандыгы тууралуу айтып берип, ал жерден туруктуулук жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө талкуу жүргүзгөндөрүн билдирген.

Амреев «түрк мамлекттери менен салттуу байланыштар бекемделип, келечекке таштаган кадамдары ишенимдүү арта берет» деген үмүтүн айткан.

«Түрк дүйнөсүнүнүн негизги бөлүгү кыргыз элине тынчтык, биримдик, достук каалашты. Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы шайланган президенти катары бул миссияны жогорку нарктын жана кадыр-барктын негизинде аткарат деп ишенебиз. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин салттуу байланышын бекемдеп, келечекке туруктуу кадам таштайт деген үмүттөбүз», — деп жыйнтыктаган Түрк кеңешинин баш катчысы.

Улуу Британиянын партиялар аралык парламенттик тобунун Кыргызстандагы төрагасы, общиналар палатасынын мүчөсү Боб Стюарт Садыр Жапаровду 11-январда куттуктаган.

Дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтүлгөн катта Стюарт «бул чыгаан жетишкендик» экенин белгилеп, Жапаров мындай жыйынтык менен «сыймыктанса болорун» айткан.

«Укканым боюнча, мен дагы сизди өзүңүз Кыргызстандагы коррупциялык иштерге карата колдонгон катуу позицияңыздай куттуктап кетсем болобу? Биз мындай жаңылыкты угуп, айтып бүткүс кубанычта болгонубузду Лондондон билдирүүгө уруксат этиңиз.

Мен сиз менен жакынкы аралыкта көрүшөбүз деген үмүттөмүн жана мындай мүмкүнчүлүктү чыдамсыздык менен күтөм», — деп жазган Улуу Британиянын общиналар палатасынын мүчөсү.

Боб Стюарт бийликте турган Консервативдик партиянын мүчөсү жана 2010-жылдан бери Улуу Британиянын общиналар партиясынын депутаты болуп келет.

Америка Кошма Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги 11-январда кыргызстандыктарды 10-январда өткөн президенттик шайлоого активдүү катышып бергени менен куттуктаган.

Ошондой эле ал АКШ Садыр Жапаровду Кыргызстандын шайланган президенти катары тааный турганын билдирген.

«Биз жаңы шайланган президент Жапаров менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүдө демократиялык институттарды бекемдөө, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына биргелешип каршы туруу, коррупция жана эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташтык мүмкүнчүлүгүн күтүп жатабыз», — деп белгилеген элчилик.

Президенттик шайлоо

Кыргызстандагы кезексиз президентик шайлоо 10-январда башкаруу системасын тандоо боюнча референдум менен бир күндө өткөн. Кыргызстандыктар парламенттик же президенттик башкаруу формасын, же болбосо эки вариантка тең каршы добуш бермек.

12-январдын таңга маалына карата кол санактын негизинде кезексиз президенттик шайлоонун жана башкаруу системаны тандоо боюнча референдумдун шайлоочулардын добушунун 96% саналган.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы боюнча талапкер Садыр Жапаров 81,56% добушка ээ болгон, ал эми автоматташтырылган электрондук урналардын маалыматы боюнча ал 79,16% добуш алган. Жапаровду 1 млндон ашык жаран колдогон.

Ошондой эле президенттик башкаруу системасын колодгондордун саны дагы өскөн, кол санактын жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 83,29%ы добуш берген. Ал эми АСУнун жыйынтыгы боюнча, референдумга катышкандардын 80,93%ы добушун жогоруда аталган форма үчүн беришкен.

Ошол эле убакта кол санактын жыйынтыгы боюнча шайлоого келгендердин саны кескин азайган. Президенттик шайлоодо 39,27%дын ордуна 34,71%ды, референдумда — 39,43%дын ордуна 33,86%ды түзгөн.

Шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийинки басма сөз жыйында Жапаров «80%дан ашуун добушка ээ болорун күтпөгөнүн» билдирген.

«Урматтуу кыргызстандыктар, добушуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем», — деген Жапаров, болгону 50-60% добуш алам деп күткөнүн кошумчалап.