Бишкек: Мэрия бала бакчаларды ачууну 1-февралга калтырды

Калаа бийлиги муниципалдык бала бакчаларды 1-февралдан тартып ачууну пландап жатат. Мындай чечим 12-январда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Буга чейин бала бакчалар ишин 20-январдан тартып баштай турганы айтылган.

Бала бакчаларды ачуу күнүн жылдыруу аларды ишке киргизүүнүн алгаритми иштелип чыга электигине байланыштуу. Ал социалдык блок боюнча вице-премьер жана Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева менен талкууланышы керек.

Анткен менен бала бакчаларга даярдоо топтору, андан соң кенже балдар кайтаары белгилүү. Балдардын ортосунда аралык сакталышы үчүн аларды бөлүп отургузушат.Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева 18-январдан тартып мектептерде 1, 5, 9 жана 11-класстар үчүн оффлайн окутуу башталаарын кабарлады.

«Мэрия мектеп жана бала бакчалар үчүн 6 млн 800 миң сомго дезинфекция каражаттарын сатып алды. Бардык мектептер даяр, эки бала бакча боюнча гана комиссия иштеп жатат, аларда каражат кеч бөлүнгөндүктөн оңдоо иштери жүрүп жатат», — деди Иманалиева.

Ал мектеп эки нөөмөткө бөлүнөрүн кошумчалады — эртең мененки жана түшкү — балдар шахмат тартибинде отургузулат. Ата-энелер болсо окуучуларды көп көлдонула турган беткаптар менен камсыздашы керек.

Бала бакчалар ишин жандантуу үчүн жергиликтүү бийлик менен Мамлекеттик санэпидем көзөмөл органынан уруксат алышы керек болчу.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда «реалдуу тартипте» өлкө боюнча 289 бала бакча иштеп жатат: алардын ичинен 137и мамлекеттик, 150ү жеке менчик жана экөө ведомстволук мекемелер.

Алардын бардыгы 2020-жылы жайында COVID-19га байланыштуу эпидемкыраал курчуп кеткенде жабылууга мажбур болгон.