Factcheck.kg: Жапаровдун Кытай менен депутат Жунус уулу аркылуу байланышы бар

КТРКда 6-январда өткөн теледебатта президенттикке талапкер жана «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев каршылашы Садыр Жапаровдун Кытай менен байланышы бар экенин билдирген. Ал бул байланыш парламенттин депутаты Адыл Жунус уулу аркылуу экенин айткан. Factcheck.kg порталынын журналисттери Исаев айткан фактыларды текшеришкен.

Исаев буларды айтып жатканда КТРКнын режиссёрлору жалпы планды көрсөтүп турушкан

Исаев Жапаровдун Кара-Суу шаарында депутат Адыл Жунус уулун өзүнүн досу деп атаган сөзүн белгилеп, алар Бишкектеги Ибраимов көчөсү 100 дарегинде жайгашкан имаратты биргеликте курганын айткан.

Factcheck.kg Жапаровдун 6-январда Кара-Сууда эл менен жолугушуусунун видеосун көрүп чыгып, ал чын эле 2007-жылы «2-3 досу менен бирге» ушул имараттын курулушу тууралуу айтканына ынанышты.

Cadastre.kg сайтынын маалыматы боюнча, бул объект 2019-жылы Адыл Жунус уулунун аялы Туран Турсун кызына катталган.

Жунус уулу жана анын жубайы Турсун кызы

Андан соң журналисттер депутат Кытайда туулуп, ал жакта билим алган деген Исаевдин билдирүүсүн текшеришкен.

Бул маалыматты парламенттин сайтынан тастыкташкан. Адыл Жунус уулунун биографиясында ал 1987-жылы Шинжаң университетин аяктап, 1987-1991-жылдары Кытай илимдер академиясындагы География жана экология институтунда сабак берип иштегени жазылган. Депутат Кыргызстандын жарандыгын 2001-жылы алган.

Жунус уулунун туугандары

Factcheck.kg Жунус уулунун жакын туугандары — анын аялы менен карындашынын Кытайдын губернатору менен туугандык байланышы тууралуу Исаевдин билдирүүсүн да тастыктаган.

Туран Турсун кызы 2015-жылы «Айбат» гезитине курган маегинде анын атасы көп жылдар бою Кытайдагы компартияда аткаминер болуп, губернатор кызматында иштегенин айтып берген. Ал эми анын бир тууганы Кытайдын Кыргызстандын Улуттук статистика комитети сыяктуу мекемесинде иштеген.

Адыл Жунус уулу анын Салтанат аттуу бир тууганы учурда Кытайда губернатор болуп иштеген кишинин аялы экенин журналисттерге айтып берген. Factcheck.kg басылмасынын маалыматына караганда, Кыргыз автономдук округундагы Кызыл-Суунун Элдик өкмөтүнүн сайтында губернатор катары Дилшат Кыдырхан аттуу этникалык кыргыз көрсөтүлгөн.

Жунус уулунун бизнеси

Андан соң журналисттер Адыл Жунус уулунун бардык ишканаларын кытайлык фирмалар курат деген Исаевдин билдирүүсүн текшеришти. 2016-жылга чейин депутат төрт компаниянын тең негиздөөчүсү болгонун, алардын үчөөсү чет өлкөлүктөрдүн катышуусунда болгонун аныкташкан.

Continental Mining Company жана Golden Sand Mining Company компанияларында түптөөчү катары бир эле адамдар көрсөтүлгөн — Су Ши Ян, Сун Сяомин жана Жунус уулу Адыл. Эки фирма тең 2016-жылы жабылган.

Адыл Жунус уулу менен Абдулла Чарвахун аттуу киши негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн «Кроран» ЖЧКсы 2012-жылы жабылган.

Журналисттер депутаттын парламенттин сайтындагы өмүр баянында көрсөткүлгөн «Норсвест Майнинг Компани» ЖЧКсын дагы текрешишкен. Ал аталган фирманы 2013-жылы негиздеп, эки жыл өткөндөн кийин өз эрки менен директорлугунан кетип калган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, учурда «Норсвест Майнинг Компани» фирмасынын тең негиздөөчүсү катары депутаттын уулу Марс Адыл жана «Грейт Норсвест Майнинг Компани» фирмасы көрсөтүлгөн. Фирма Ибраимов көчөсү 100 дареги боюнча катталган — Исаев да дал ушул даректи сөз кылган. Журналисттердин маалыматы боюнча, шайлоодо бул имаратта президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун республикалык штабы жайгашкан.

Ошол эле учурда «Грейт Норсвест» компаниясынын тең негиздөөчүсү болуп гонконгдук «Мидл Эйжа Норвест Майнинг Групп Ко Лимитед» фирмасы көрсөтүлгөн. Ал эми дагы бир негиздөөчүсү катары депутаттын Ринат Адыл аттуу экинчи уулу көрсөтүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Норсвест Майнинг Компани» компаниясы 2015-жылы Нарын облусундагы Каражорго кенине лицензия алган. Ошондой эле, фирма Жалал-Абад облусундагы Курайрык кенине болгон лицензияга ээ.

Мындан кийин журналисттер депутаттын аялын текшеришкен. Туран Турсун кызы эки фирмада тең уюмдаштыруучу катары көрсөтүлгөн. Алардын биринде «Кыргыз Дарысы» аттуу Кыргыз-Кытай биргелешкен ишканасы көрсөтүлөт. Компания 2010-жылы катталып, «фармацевтикалык товарлардын дүң соодасын» жүргүзөт.

Ошентип, журналисттер кытайлык фирмалар менен Садыр Жапаровдун досунун бардык эле компаниялары байланыштуу эмес экенин аныкташкан. Депутаттын жакын туугандары 6 компанияда тең уюмдаштыруучу катары көрсөтүлгөн, алардын экөөсүндө чет өлкөлүктөр негиздөөчү болуп көрсөтүлгөн.

Андан кийин Factcheck.kg УКМКнын кызматкерлери Жунус уулу Кытайдын атайын кызматына иштейт деп ачык айтып жатышат деген Исаевдин билдирүүсүнө комментарий келтирген.

«Балким, Канат Исаевде Адыл Жунус уулунун коңшу мамлекеттердин атайын кызматтары менен байлынышы бар экендиги тууралуу УКМКнын жашыруун маалыматы болушу мүмкүн. Бирок ачык булактарда андай маалымат жок», — деп журналисттер жазышкан.

Ачык булактардан алынган бардык маалыматка таянып, журналисттер Канат Исаев айткан фактылар жалпысынан тастыкталды деген тыянакка келишкен.


«Садыр Жапаров өзүнүн партиясы жана бизнес өнөктөшү аркылуу чын эле кытайлык жарандар жана компаниялар менен байланышта. Бирок бул факторлор ал Кытайдын атайын кызматы менен байланыштуу экенин далилдебейт», — деп эсептейт басылма.