Ош: Белгисиз адам милиционерлерди атып, эки адам жарадар болду

Ош ОИИБинин басма сөз кызматы Кара-Кулжа районунда милиция кызматкерлерине ок атуу болгонун маалымдады. Эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

ИИБден билдиришкендей, 13-январга караган түнү азиат өңдүү белгисиз киши 16-калибрдеги мылтык менен жашы жете электер менен иштөө боюнча милициянын инспектору, кенже лейтенантты аткан. Милиция кызматкери ал убакта «Нива» үлгүсүндөгү унаасында отурган. Милиционердин ийинине ок тийип жарадар болгон.

«Бирөөсү мылтык такаганда милиционер буйтап кетип, газ басууга үлгүргөн. Атылган ок унаанын алдыңкы айнегин тешип өткөн», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге чукул арада Кара-Кулжа РИИБинин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барган.

Тергөөчүлөрдүн бири унаада чыгып жатканда белгисиз адам аларды көздөй ок чыгарган. Ок тергөөчүнүн далына тийген. Ал учурда милиция кызматкери табелдик куралы менен кол салган адамды көздөй ок чыгарган. Анткен менен шектүү окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Жарадар болгондор жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кара-Кулжа районунун аймагында «Колго түшүрүү» планы жарыяланып, айрым айылдарда посттор орнотулган.

Милициянын кызматкерлери шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрүүдө. Факт КЖРБге катталып, «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча иликтөө башталды.