«Алтын» зер буюмдар дүкөнү көп аялдуулукту «мактаган» жарнама тартты

«Алтын» зер буюмдар дүкөнү өз жарнамасында көп аялдуулук жакшы экенин көрсөткөн.

«Алтын» дүкөнүнүн кожоюндарынын бири Антонина Бабосюк жарыялаган роликте үч келин көрсөтүлгөн, алардын бир эркектин аялдары.

Видеодогу аялдар «күйөөсү» тартуулаган белектерди талкуулашат. Сюжет боюнча «байбичеси» күйөөсү ага кымбат баалуу сырга такканы тууралуу сөз баштап, күйөөсү аны башкаларга караганда көбүрөк жактыра турганын айтат.

«Албетте, сен байбичесиң да», – деп жооп берет ага башкасы.

Сүйлөшүү уланып, «байбиче» жолдошун мактап, «биздин күйөөбүз таң калтырганды билет» деп жатканы көрсөтүлөт.

Андан кийин башка «аялы» алардын күйөөсү көп жерди кыдырып, «эң жакшы алтынды “Алтындан”» гана тапканын айтат.

Мурда Жазык кодексинде көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган болчу. Бирок 2017-жылы түзөтүү киргизилгенде бул беренени декриминалдаштырылып, азыркы учурда жаза – 1000 сом айып төлөө же коомдук иштерге тартууга өзгөртүлгөн.

Роликтеги аялдардын укугунун бузулушу

Бул коммерциялык ишканалардын аялдардын укугунун бузулушун позитивдүү нукка буруп көрсөткөн биринчи жарнама эмес. Буга чейин Kozu Grill мекемеси ала качууну кадыресе көрүнүш катары чагылдырган жарнама чыгарган.

Роликтин сюжети боюнча, боз үйдө ата-бала, алардын жанында ала качылып келген кыз отурат.

«Ай балам ай, бекер кылыптырсың, атак-даңктуу кишинин алмончоктой кызын ала качып келгениң кантет?» — дейт атасы. Баласы атасы өзү бир кездерде апасын ала качып үйлөнгөнүн айтып жооп кайтарат. Жигиттин айтымында, кызды сүйдүрүп алуу үчүн ага эки күн жетет.

Жигиттин атасы башында баласынын айткандарын четке кагып, ал аялы менен бири-бирин жакшы көрүшүп анан үйлөнгөнүн айтат.

Аңгыча кыздын атасы эшиктен кирип келип, кызын алып кетүүгө камынат. Бирок үй ээси даам ооз тийип кеткиле деп козу грилди сунат. Аны даамдап көргөн ата кызынын каршылыгына карабай баштапкы оюнан кайтат.

Аңгыча эле кыздын сиңдисин да Ысык-Көлгө ала качып кетишкени белгилүү болот. Желдетинен бул кабарды уккан кыздын атасы Ысык-Көлдү карай жөнөп кетет. Бул учурда баласы атасына козу грил Ысык-Көлдө дагы ачылганын кабарлайт.

Коомчулуктун кескин сыны жана ЖМКга жарыяланган материалдардан кийин ролик өчүрүлүп, компания кечирим сураган.