Бийчи Атай Өмүрзаков Чокоевдин наамдан ажыратылышына пикирин билдирди

Белгилүү бийчи, эл аралык сынактардын катышуучусу Атай Өмүрзаков ырчы Курал Чокоевди «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинен ажыратуу чечими үчүн Маданият министрлигин сынга алды.

Өмүрзаковдун айтымында, «В пи#ду звезду» чырлуу долбоорунун авторлору, анын ичинде Курал Чокоев катасын мойнуна алып, YouTube каналында ишке ашпай калган шоу үчүн кечирим сураган.

«Бир жолку кемчилик үчүн ушунча жаман сөздөрдү, эч нерсени баалай албагандар айтат. Кайрат [Примбердиев] менен Куралдай [Чокоев] таланттар биздин өлкөдө аз эле, мындай окуялардан кийин таланттуу адамдар өлкөдөн чыгып кетеби деп чочулайм», – деп жазган Өмүрзаков инстаграммга.

Чокоев өзү да буга чейин 13-январда Маданият министрлигин сынга алган. Артис министрликти жана анын жетекчисин компетентсиз деп атаган.

«Биз демократиялык мамлекетте жашайбыз. Мен өзүмдүм Ютуб каналыма каалаганды жүктөсөм болот. Мен үчүн маанилүү болгон нерсе элдин ою, элдин пикири болду. Ошол үчүн бул проекти уланткан жокмун», – деп билдирген ал.

Чокоев наамдын аты эле болбосо, эч кандай пайдасы жок, өткөн замандын калдыктары деп кошумчалаган.

«Мындан чектөө коёбуз, тигинден чектейбиз" деген аша чапкандык деп эсептейм. Бул министрдин [Нуржигит Кадырбековдун] жана министрликтин компетентсиздиги бетке чабар болуп жатат», — деген ал.

Шоудан кийинки ызы-чуу

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алды. Буга ырчынын өзүнүн Youtube-каналында жарыялаган «В п#зду звезду» аталышындагы шоусу себеп болгон. Чокоев долбоордун автору болгон.

Кийинчерээк Чокоев «В п#зду звезду» шоусу жабылганын кабарлап, коомчулуктан кечирим сураган. Бирок Маданият министрлиги чырлуу шоуга реакция жасап, Чокоевди төш белгиден ажыратууга үлгүргөн.

Ведомствонун жазасы ушу менен токтогон жок – Кайрат Примбердиевди «Эмгек сиңирген артист» наамынан ажыратуу тууралуу сунуш президенттин аппаратына жөнөтүлгөн. Примбердиев Чокоевдин шоусунун коногу болгон.

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий ири иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталган.

Маданият министрлигинин чырлуу шоуга реакциясы

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков 10-январда ырчылар Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевдин бардык наамдары жокко чыгарылат деп билдирген. Аны менен катар министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого, концерттерин өткөрбөөгө көрсөтмө берген.

Кадырбеков «ырчылык менен алек болом дегендерге лицензия алууну милдеттендирген мыйзам» болсо жакшы болор беле деген оюн айткан. Мындай билдирүүдөн кийин кыргыз коомчулугу эки жаатка бөлүнгөн: айрымдари артисттерге болушса, кээси цензура керек деп эсептешет. Бирок Кадырбековдун билдирүүсүнө жана сунушуна карабай, маданият министрлигинин мындай расмий ыйгарым укуктары жок.

Кадырбековдун арститтерди цензурага алуусуна Жарандык көзөмөл комитети реакция жасаган. Комитет чиновниктин «суверендүү Кыргызстандын тарыхындагы Конституцияны жана мыйзамдарды бузуунун деңгээли боюнча ачыктан ачык заардуу, буга чейин эч ким угуп көрбөгөн» билдирүүсү үчүн тынчсызданып жатканын билдирген.

Укук коргоочулар Кадырбековдун сөздөрүндө өлкөнүн Конституциясын жана Кыргызстан ратификациялаган макулдашууларга каршы келген кеминде эки учурду табышты.

Ошондой эле, алар министрди мындай сөздөрүнөн кийин кызматтан кетирүүнү, ал эми министрликти жоюп салууну сунуштаган.