ЕАЭБ аймагында пенсияны камсыздоо тууралуу келишим күчүнө кирди. Ал эмгек мигранттарга эмне берет?

Евразиялык экономикалык комиссиясынын басма-сөз кызматы билдиргендей,12-январда ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосунда Пенсияны камсыздоо тууралуу келишим күчүнө кирди.

Документ жумушчулардын пенсиясын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринен экинчисине экспорттоонун тартибин жана механизмдерин аныктайт. Кабыл алынган келишимде пенсия укугун аныктоо үчүн биримдикке кирген мамлекеттердин аймагындагы иш стажын санап чыгуу дагы каралган.

Андан тышкары документте өткөөл жоболор бар, алар келишимдин күчүнө киргенге чейинки жана киргенден кийинки пенсия төлөмдөрүн дайындоо жана төлөп берүү эрежелерин аныктайт. Буга чейин аталган келишим ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү тарабынан ратификациялангандан кийин пенсиялык төгүмдөрдү төлөй баштаган жумушчуларга тиешелүү экени маалымдалган.

Пенсиялык келишимге 2019-жылдын декабрь айында Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кол коюлган. Бирок ратификация бир жылга созулуп кеткен.

Документ күчүнө киргенге чейин, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктар орусиялык пенсия системасына акча чектегени менен, жыйынтыгында Орусиянын аймагында төлөмдөрдү ала алган эмес. Ошондой эле, чектеген акчасын мекенине дагы экспорттой алган эмес.

Кыргызстан, Беларусь жана Армения келишимди биринчилерден болуп ратификациялаган, ал эми Казакстан жана Орусия документти 2020-жылдын ноябрь айында гана ратификациялаган.