Жапаров орус тилинин расмий макамы сакталат деп сөз берди

Президентикке ат салышкандардын лидери Садыр Жапаров орусиялык «Биринчи каналга» берген интервьюсунда орус тилинин макамы «расмий бойдон» калаарына сөз берди.

«Биздин Орусия менен болгон карым-катнашыбыз эң жакшы. Дипломатиялык, экономикалык карым катнашыбыз бар, аскер жаатында дагы кызматташабыз. Эми бул мамилелерди дагы жогорку деңгээлге чыгарып, өрчүтөбүз. Биз Орусия менен достугубузду уланта беребиз. Биз ачык айкын айтышыбыз керек: Орусиясыз бизге оор болот, абдан оор болот», — деп белгиледи Жапаров.

Тил маселеси

Кыргызстанда орусчаны расмий тил макамынан ажыратуу маселеси байма-бай талкууланып келет. 2019-жылы Бишкекте өткөн курултайдан кийин маселе кайрадан талкууга алынган.

Оппозиционер Азимбек Бакназаров [Учурда КРдин Малайзиядагы элчиси] баштаган коомдук ишмерлерден турган топ Конституцияда мамлекеттик тил катары, эл аралык баарлашуунун тили катары дагы кыргыз тили гана калышы керек деген билдирүү жасашкан.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин бийлик алмашып, Садыр Жапаровдун алтынчы чакырылыштын депутаттары менен бирге конституциялык реформа өткөрүү тууралуу чечиминен соң, тил маселеси кайрадан көтөрүлгөн.

Жогору жактан сунушталган конституциянын вариантын оңдогон, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев «байланган иттей болуп отурбай» орус тилин Конституциядан алып салууну сунуштаган.

Бирок президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов расмий Бишкек жыйындын жеке мүчөлөрүнүн көз карашын жактабай турганын айткан. Ал «тил маселесинин тегерегиндеги саясий оюндарга жана ар кандай жалаа жабууларга жол берилбейт» деп билдирген.

Ошондой эле орус тилинин расмий макамы сакталарын, « дал ушул орус тили аркылуу кыргыздар дүйнөнү таанып жана тескерисинче, дүйнө кыргыздарды тааныган» деп кошумчалаган.