Баткенде 45 жаштагы тургунду шахтадагы топурак басып калды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 45 жаштагы тургунун шахтада топурак басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 15-январда билдирди.

ӨКМге 5-карьер тилкесинде жайгашкан шахтада жарылуу болгону туурасында маалымат түшкөн. Жерине министрликтин №4 мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылган.

Жарылуунун себеби белгисиз. ӨКМ бул боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Буга чейин 24-декабрда аталган облустун Сүлүктү шаарында «Ашымбай» ЖЧКсына таандык көмүр шахтасы урап, бир киши чыга албай калган. Кырсык болгон учурда шахтада беш жумушчу болгон — алардын төртөө чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Шахтерду издөөгө шахтанын 20 жумушчусу, 16 куткаруучу, тез жардамдын бир бригадасы жана милиция тартылган болчу.