Сүлүктүдө шахта урап, бир киши изделүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарында 22-декабрда көмүр шахта урап, ичинде бир киши калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык болгон жерге шахтанын 20 жумушчусу, 16 куткаруучу, тез жардамдын бир бригадасы жана милициянын бир экипажы тартылды. Учурда жумушчу табыла элек, издөө иштери уланууда.

Аталган шахта «Ашымбай» ЖЧКсына таандык. Кырсык болгон учурда шахтада беш жумушчу болгон — алардын төртөө чыгып кетүүгө үлгүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көмүргө байланган Сүлүктү». «Азаттыктын» Сүлүктү шахтачылары тууралуу тасмасы