Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы калаада кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) мүчөсү кармалганын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, 1989-жылкы кармалган адам Биринчи май райсотунун чечими менен 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармоодон кийин ал Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өзү 2020-жылы октябрда Avangard спорт кулубунда кармалып, андан6 соң УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматынан Көлбаев «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жол бербөө жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалганын билдирген. Ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча айыпталууда.

Ошол эле жылы ноябрда Көлбаев №47 түзөтүү абагында экени белгилүү болгон. Бул тууралуу абакта Көлбаев тартылган видео жарык көргөндөн кийин белгилүү болгон.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызмат анда видео «Тарых жана Бабаларды эскерүү күнүнө» карата майрамдык иш-чара учурунда тартылып, андагы тасмал жыйынтык чыгаруу жана куран окутуу үчүн жайылганын билдирген.

Көлбаев «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары белгилүү. АКШнын Каржы министрлиги аны 2017-жылы «кара тизмеге» киргизген. Кримтөбөл мындан тышкары, бир нече евразиялык УКТЛар мүчөсү жана лидерлери кирген эл аралык «Братский круг» кылмыштуу тобунун бир бөлүгү деп да аталып келет. Мындан тышкары, ал дүйнөнүн ири баңги төбөлдөрүнүн дагы тизмесине киргизилген.