COVID-19: Акыркы суткада эки бейтап каза болду, дагы 123 адамда вирус аныкталды

Бишкектин ооруканаларында коронавирус инфекциясы тастыкталган эки бейтап каза болду.

Акыркы сутка ичинде COVID-19дан 128 бейтап айыкты. Дагы 796 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 38инин абалы өтө оор, дагы 229 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Сутка ичинде коронавирус 123 адамдан аныкталды.

Бишкекте — 42, Чүй облусунда — 33, Ысык-Көл облусунда — 22, Ош облусунда — 10, Ош шаарында — 1, Нарын облусунда — 7, Баткен облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 6 жана Талас облусунда 2 адам коронавирус илдетине кабылды.

Акыркы сутка ичинде COVID-19га чалдыккан адамдардын сегизи — медицина кызматкерлери. Алардын ичинен бешөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда жана бирөө Чүй облусунда катталды.

Пандемиянын башынан бери коронавирус жуктургандардын саны 83 109 адамга жетти. Алардын ичинен 78 994 адам оорудан айыгып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, илдеттен каза тапкандардын саны 1384 адамга жеткен. Бирок, вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиеванын айтымында, коронавиурстан көз жумгандардын саны алда канча көп.

Жай айларында Саламаттык сактоо министрлиги өлүм учурларынын статистикасынан 400дөн ашуун учурду алып салганы белгилүү — ведомство ал бейтаптарда коронавирустан тышкары олуттуу оорулары бар болгонун жана өлүмгө коронавирус себеп болбогонун айткан. ДССУнун эрежелери боюнча, министрлик ал учурларды жалпы тизмеде калтырышы керек болчу.