ИИМ колониялардын биринде кылмыштуу кирешелерди адалдоо схемасын тапты

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы УКМКнын, ЖАМКтын жана ИИМдин кызматкерлери соттолгондордун арасында акча чогултуу, адалдоо, аларды андан ары «Элсом» капчыгына чогултуу боюнча схеманы табышканын билдирди.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 1992 жана 1987-жылкы соттолгон жарандар колонияда жазап өткөн жатканда башка соттолгон адамдардан акча опузалап, баңгизат сатып, кумар оюндарын өткөрүп жүрүшкөн. Түшкөн акчаларды алар криминалдын муктаждыктары үчүн «общак кассасына» өткөрүп берип турушкан.

Ошол эле учурда, камактагылар «положенец» жана «смотрящий» деген дагы криминалдык макамдарга ээ. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Элсомдун» эсебинде миллион сомдон ашык болгон.

«Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары “Элсом” мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган. Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп коротулуп турган», — деп билдиришти мекемеден.

Мындан тышкары, ИИМ кылмыштуу топтун «общак» акчалары сакталган дагы үч мүчөсүн аныктаган — алар акча адалдоо ишин жүргүзүшкөн. Шектүүлөрдүн үйлөрүн тинтүүгө алуу учурунда 297 миң сом жана 8 200 доллар (18-январга карата курс боюнча 697 миң сом) акча табылган.

Иштин бардык материалы «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча КЖБРге катталып, тергөө уланууда.