Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл ала баштады

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын башталды. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Декларациялык кампания эки этап менен жүрөт. Юридикалык тараптар кирешеси тууралуу отчетту 2021-жылдын 1-мартына чейин бериши керек, ал эми жеке тараптар – 1-апрелге чейин. Ошондой эле, кыргызстандыктар экономикалык ишмердүүлүгү, кыймылсыз мүлкү жана жер тилкеси тууралуу маалымат тапшырууга милдеттүү.

Салык кызматынын басма сөз кызматы белгилегендей, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, «туруктуу мекеме түзүү менен өлкөнүн аймагында ишмердигин жүргүзгөн» чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

2021-жылдын 1-апрелине чейин Бирдиктүү салык декларациясын муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр тапшырышы керек. Ошол мезгилге чейин транспорт, кыймылсыз мүлк же жер тилкеси бар жеке тараптар дагы декларация тапшырууга милдеттүү.

Салык кызматы 2019-жылы пандемиядан улам декларация тапшырууга жетишпей калган жеке тараптар жана жеке ишкерлер, 2021-жылдын 1-апрелине чейин айып төлөбөй тапшырса болорун кошумчалады.