Бишкек — Стамбул — Бишкек багыты боюнча авиа каттамдын саны көбөйөт — «Манас» аэропорту

20-январдан тартып Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча авиа каттамдардын саны аптасына 7 эсеге чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, күнүмдүк рейстерди Turkish Airlines компаниясы аткарат.

Буга чейин авиа компания аталган багыт боюнча каттамарды жумасына 5 жолу аткарып турган.

Түркия Кыргызстан менен авиа каттамын өткөн жылдын август айында жарым-жартылай жандандырган болчу. Буга чейин көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан дагы 2020-жылдын мартында коронавирустун жайылуу коркунучунан улам чек араларын жапкан эле.

Ал убакта Стамбулдан Бишкекке кыргыз жарандарына, алардын жарандыгы башка туугандарына, дипломаттарга жана башка айрым адамдарга гана учуп келүүгө уруксат берилген.

2020-жылдын декабрь айында Түркиянын бийлиги өлкө аймагына кирип жаткан жашы 6дан өйдө жүргүнчүлөр жыйынтыгы терс ПЧР-тестке ээ болушу керектигин жана ал тест учууга чейин 72 саат ичинде жасалган болушу керектигин билдирген. Тест тапшыргандыгы тууралуу маалымкатты бортко кирердин алдында көрсөтүш керек.

Мындай талаптар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот. Эгер COVID-19 кырдаалы дагы деле жакшырбаса, анда талаптын мөөнөтү дагы узартылмакчы.