«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында» эки коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасында» эки коррупциялык схеманы аныктады. Ага ылайык, мамлекетке 1,2 млн сомдон ашуун зыян тийгизилгени кабарланууда.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, «Бишкек жүргүнчүлѳр автотранспорт ишканасынын» аткаминерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жалпы суммасы 5 млн 250 миң сомдук каржы-бухгалтердик документтерди жасалмалашкан. Факт КЖБРге «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Экинчи факт муниципалдык ишкананын мамлекеттик сатып алууларын текшерүүдө аныкталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, ишкананын кызмат адамдары мекеменин автобустарын оңдоо үчүн тетиктерди алып келүүгө боюнча «атайылап пайдасыз» келишим түзүшкөн.

Тергөөчүлөр аткаминерлер бардык талаптарга жооп берген жана баасы башкалардыкынан арзан «Р» компаниясынын билдирмесин «мыйзамсыз» жаратпай койгонун аныкташкан. Алар башка компания менен жалпы суммасы 7,2 млн сомдон ашун каражатка келишим түзгөн.

«Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдөгү, жалпы суммасы 1 285 958 сомду түзгөн зыян келтирилген», – деп кабарлашты прокуратурадан.

Бул факт КЖБРге «Атайылап пайдасыз келишим түзүү» беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Айдоочулардын нааразычылыгы

Автобустар үчүн тетиктерди сатып алуудагы коррупция тууралуу 2020-жылдын ноябрь айында эле сөз болгон. Анда «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын» айдоочулары ишкананын алдына митингге чыгып, директор Нурлан Койчубековду жумуштан алуу талабын айтышкан. Талаптарын ишке ашыруу үчүн айдоочулар иш таштап, ал тургай Койчубековду иш бөлмөсүнөн кууп чыгууга аракет кылышкан.

Ишкананын бригадири Канат Кожогелдиев аларга көптөн бери унаа тектиктери келе электигин, бирок тетиктер документте келип түшкөн деп көрсөтүлгөнүн айткан. Ошондой эле айдоочулар парламенттик шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясын шайлоого мажбур кылышканын дагы билдиришкен.

Койчубеков өзү ал убакта эгер мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев отставкага кетирүү чечимин чыгарса кызматын тапшырып берерин, ал эми тетиктер пандемияга байланыштуу чек аралар жабык тургандыктан келбей жатканын айткан.