Бишкектин мэри аны кызматтан алууну сунуштаган депутаттарды мыйзамды окууга чакырды

Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин депутаттары — Кубанычбек Жумалиев менен Рыскелди Момбековго мыйзамды ачып окуп коюуга чакырды. Ал мындай пикирин маршруттук таксилердин каттамдарга чыкпай жатканы боюнча көчмө жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин транспорт жана шаар куруу боюнча комитетинин 19-январдагы жыйынына мэриянын жетекчиси экинчи ирет келбей жаткандыктан, депутаттар бул тармакты караган вице-премьердин жоопкерчилигин кароо үчүн президентке сунуш берүү керектигин айтышкан.

Депутат Кубанычбек Жумалиев комитеттин жыйынын кийинки жумага жылдырып, мэрияга дагы бир шанс берүү керектигин белгиледи.

«Эгер алар бизди тоготпой жыйынга дагы келбей койсо, анда Бишкек мэрин кызматтан алуу боюнча сунуш бериш керек», — деген ал.

Түлөбаев ал Жогорку Кеңешке баш ийбей турганын, мэр катары өз ишин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу», «Бишкек жана Ош шаарларынын» статусу жөнүндөгү мыйзамга ылайык жасарын айтты.

«ЖК депутаттары Кубанычбек Жумалиев, Рыскелди Момбековдорго кайрылат элем, бир жолу мыйзамды карап ачып окуп койгулачы. Мен эки мыйзамдын негизинде иштейм — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен Бишкек жана Ош шаарларынын статусу жөнүндөгү мыйзам… Эми ойлосоңуздар килейген парламентке менин үч чарбамдын башчысын вице-мэрлерди чакырып жатат. Биздин аякка эмне тиешебиз бар? Өзүлөрүнүн өкмөтү бар. Ошону чакырып маселелерин чече берсин», — деди ал.

Түлөбаев ал Бишкек шаарынын депутаттарынын алдында отчеттуу экенин кошумчалап, «баарбыз тең мыйзам чегинде иштейли» деген пикирин билдирди.

Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2020-жылы октябрь айынын аягында дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын 27-июлунан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалганга чейин 2018-жылдан баштап Бишкек мэриянын аппаратынын башчысы болуп эмгектенген.

Түлөбаев мэрияны келгенге чейин «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директорлугун аркалаган. Ошол эле маалда «АЮ Холдинг» көп тармактуу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти болуп эмгектенген.

Ал 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Түлөбаев Бишкектеги Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар факультетин аяктаган. Андан кийин 1992-1997-жылдары Түркиянын Стамбул университетинин токой-чарба факультетинен токой-чарбасы инженери адистиги боюнча билим алган.

Ошондой эле, 2001-жылы Скрябин атындагы кыргыз аградык университетинин Инженер-эколог адистигин бүтүргөн. Ал эми 2009-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча билимин тереңдеткен.