Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Балбак Түлөбаевди Бишкектин жаңы мэри шайланганга чейин борбор калаанын башчысынын милдетин аткаруучу кылып дайындады.

Аны мэриянын жамаатына 27-октябрда өкмөттүн аппаратынын башчысы Бакыт Аманбаев келип тааныштырды. Ал ошондой эле, Бишкек мэриясынын биринчи кезекте аткара турчу жумуштарын да айтып кетти. Ага ылайык, мэрия борбор калаадагы мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды жылуулук менен камсыз кылышы керек. Ошондой эле, стратегиялык маанилүү объектилерди көмүр, жаратылыш газы менен жабдышы кажет.

Өз кезегинде, Балбак Түлөбаев азыр иштөөнүн убактысы экенин жана андан башка иштерге убакыт жок экенин белгиледи.

«Мурдагыдай иштерди улантышыбыз керек, бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даярбыз. Жылуулук жана пандемия менен күрөшүшүбүз керек. Бардыгы жакшы болот», — деди ал.

Түлөбаев ошондой эле, бардык тараптарды тынчтанууга чакырды.

Балбак Түлөбаев 2020-жылдын 27-июлунан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ал 26-октябрда бул кызматынан бошотулган болчу. Ага чейин ал 2018-жылдан баштап Бишкек мэриянын аппаратынын башчысы болуп эмгектенген.

Түлөбаев мэрияны келгенге чейин «АЮ Гранд Комфорт» соода борборунун башкы директорлугун аркалаган. Ошол эле маалда «АЮ Холдинг» көп тармактуу компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана вице-президенти болуп эмгектенген.

Ал 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында туулган. Түлөбаев Бишкектеги Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун ветеринар факультетин аяктаган. Андан кийин 1992-1997-жылдары Түркиянын Стамбул университетинин токой-чарба факультетинен токой-чарбасы инженери адистиги боюнча билип алган.

Ошондой эле, 2001-жылы Скрябин атындагы кыргыз аградык университетинин Инженер-эколог адистигин бүтүргөн. Ал эми 2009-жылы КР президентинин алдындагы башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча билимин тереңдеткен.