4 млн долларлык мүлк. Журналисттик иликтөөдөн кийин финполдун бөлүм башчысы кармалды

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМК финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысын мыйзамсыз баюуга шектеп кармады. УКМКнын басма сөз кызматы 19-январда маалымдагандай, шектүү учурда атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«2014-жылдар аралыгында ЭККМК органында жетектөөчү кызматта иштеп турган убагында Т.А.Р. Ош жана Бишкек шаарларынан 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алган жана аны жакын туугандарынын атына каттаган. Мындан сырткары, Оштогу 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна олуттуу каражат жумшаган», — деп маалымадалат билдирүүдө.

Ошондой эле, УКМК кармалган шектүүнүн кыймылсыз мүлк жана финансылык активдеринин жалпы суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 4 млн АКШ долларын түзөт деп маалымдады. Атайын кызмат кабарлагандай, шектүүнүн мыйзамдуу кирешеси менен анын мүлкүнө сарпталган каражат дал келбейт.

Учурда УКМК шектүүгө карата «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында тергөө амалдарын улантып жатат.

Мындан сырткары УКМК тараткан маалыматта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы, каржы полициясынын майору Т.А.Р. деп белгилеген. Бул инициал финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысын Токоев Айбек Рахманбердиевичке туура келет.

Айбек Токоев — 2014-жылы каржы полициясыныны Оштогу башкармалыгынын орун басары, андан соң 2017-жылы финполдун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Ал эми финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчылыгына 5-октябрдагы өлкөдөгү башаламандыктан кийин дайындалган. Бул кызматка дайындоодогу буйрукка финполдун жаңы дайындалган башчысы Сыймык Жапыкеев кол койгон.

Финполчу жана ага таандык мүлктөр тууралуу иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков 9-январда атайын иликтөө жарыялаган. Анда Исаков Токоевдин 70 миңден 100 миң долларга чейин бааланган «Лексус ЛХ 570» үлгүсүндөгү унаасы жана батир, турак жай жана башка мүлктөрү тууралуу баяндаган. Иликтөөдө ага таандык байлыктар туугандарына катталганы белгилүү болду. Ошондой эле, Исаков Токоевдин расмий маянасы 25 миң сомдун тегерегинде деп белгилеп, анын жубайы эч жерде иштебегендигин маалымдаган.

Ал эми «Кактус» басылмасы Токоев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы Айгүл Токоеванын тууганы деп кабарлады. Анткен менен Токоев мурдагы биринчи айым менен туугандык байланышы бар экендигин четке каккан.