Комиссия коронавирус күч алган учурда дары-дармектин кымбаттаган себебин аныктады

Өкмөттүн COVID19 дартына каршы күрөшүү боюнча аракеттерин иликтеген ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы жасаган иши тууралуу маалымат берди. Ага премьердин-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча айырмачылыктар, коронавирус инфекциясынан дарылоо протоколунун өз учурунда кабыл алынбагандыгы, ошондой эле гуманитардык жардамды эсепке алуунун жана бөлүштүрүүнүн натыйжасыздыгы көрсөтүлгөн.

Атап айтканда, COVID-19 илдетин дарылоонун үчүнчү протоколу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 1 айдан ашуун убакыттан кийин гана кабыл алынган. Дарылоонун үчүнчү протоколу 2020-жылдын 15-майында киргизилип, атамекендик фармацевтикалык компаниялар өлкөгө киргизүү үчүн жактырылган дары-дармектердин тизмесин 1-июлда гана алган.

«Натыйжада, фармакологиялык компаниялар тараптан коронавирус инфекциясынан дарылоо үчүн маанилүү дары-дармектер республикага кечигүү менен алынып келип, ал өлкөдөгү дары-дармектердин тартыштыгына жана аларга карата баанын өсүшүнө алып келген», — деп айтылат маалыматта.

Комиссия көрсөтүлгөн жардам жана ооруканаларга берилген гуманитардык жардамдар тууралуу маалыматтар айырмаланган фактылар аныкталганын белгилеген. Андан сырткары экинчи дарылоо протоколуна ылайык, 2020-жылдын июнь айында сатылып алынган дары-дармектер үчүнчү дарылоо протоколу кабыл алынып калгандыктан пайдаланылбай калган. Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин кампаларында аталган дары-дармектердин чоң көлөмү табылган.

Мамлекеттик органдар комиссияга «Семетей» госпиталын жана ооруканаларды кайра түзүүгө жана профилин өзгөртүп түзүүгө кеткен чыгымдар тууралуу кеңири финансылык отчет берген эмес.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактыларды, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын башка корутундуларын тыкыр талкуулоо жана коомдук чагылдыруу үчүн Коопсуздук кеңешинин кароосуна киргизүү сунушталды.

Депутат Дастан Бекешев дагы бейтаптар коронавирустан каза болуп жатканда айрымдар акча жасаганын айткан.

Финполиция пандемия күч алып турганда жасалган сатып алуулар жана ага байланыштуу башка иштердин алкагында бир катар аткаминерлерди суракка чакырган. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов жана экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова дагы бар.

Гумжардамдын уурдалышы

Буга чейин вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы жөнүндө билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанда COVID-19дан каза болгондор Саламаттык сактоо министрлигинин расмий статистикасында катталгандан дагы көп. Мындан тышкары, Сурабалдиева айрым адамдар өлкөгө келген гуманитардык жардамды уурдаганын билдирген.

«Дарыгерлер бейтаптарды баатырдык менен куткарып жатканда, айрым жетекчилер узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып качып кетишти. Айрым ооруканалардын башкы дарыгерлери кызыл зонага барышкан дагы эмес», — деген ал.

Кыргызстанга келген гуманитардык жардам

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын бийлиги коронавируска каршы күрөшүү үчүн 300 млн доллардан ашык каражат алышкан. Анын көбү насыя түрүндө, грант түрүндө аз гана бөлүгү берилген.

Өлкө бийлиги келген каражаттарды ачык-айкын бөлүштүргөн. «Клооптун» журналисттери гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча маморгандардан так маалымат ала алышкан жок.

ТЕМА БОЮНЧА

Кыргызстан: Коронавирус үчүн которулган акча? Кайсы акча?