Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова мекемеге суракка чакырыларын билдирди. 24.kgнин маалыматына ылайык, Жапыкеев бул тууралуу журналисттер менен жолугушканда айткан.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы учурунда социалдык блокко жана саламаттык сактоого жооптуу аткаминердин баары суракка чакырылат. Ал «вируска каршы чара көрүүгө акча бөлбөгөндүгү үчүн» Каржы министрлигинин төрайымы Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилиги тууралуу дагы сөз кылды.

Финполдун тергөө башкармалыгынын башчысы Кубаныбек Рисбаев билдиргендей, гумжардам жеткирип келүү боюнча өзүнчө сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

«Тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган чоң топ түзүлдү. Учурда аудит жүргүзүлүп жатат. Вице-премьерлер менен иштешип жататбыз, премьерден протокол тартибине тапшырма бар. Мунун баары Финполдун башчысынын көзөмөлүндө», — деди ал.

Гуманитардык жардамды жеткирүү ишинде мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев башкы шектүү катары өтүп жатат. Ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Бул иш боюнча мурдарак октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткен мурдагы өкмөт башчысы Кубатбек Боронов сурак берип чыккан. Ал Финполдо күбө катары суралып, сурак берип чыкканы боюнча Жапыкеевдин айткандарын бышыктаган.

«Пандемия, такташ керек болгон жагдайлар боюнча суроолор болду. Гуманитардык жардам кандай бөлүштүрүлгөнүн сурашты. Калганын айтып бере албайм, себеби эч нерсе айтпоо тил катына кол коюп бердим», — деген Боронов сурактан кийин.Октябрь айында күбө катары мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы суракка чакырылган болчу.

Аида Исмаилова вице-премьерлик кызматка 2020-жылдын 1-апрелинде жумуштан бошотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна келген. Ал дагы ошол эле жылдын 27-октябрында отставкага кеткен.

Парламенттик шайлоонун алдында Исмаилова милдетин аткарууну убактылуу токтотуп, мурдагы бийликке тиешелүү делген «Биримдик» партиясы менен парламенттик шайлоого барган.

«Гамжардам уурдалган»

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 15-январда ведомстволор аралык комиссия бийликтин пандемиядагы ишинде көптөгөн бузууларды тапканын билдирген. Анын айтымында, айрым адамдар өлкөгө келген гумжардамды уурдашканын, ал эми OVID-19 боюнча өлүмдүн сандары кыйла азайтылып көрсөтүлгөн.

Сурабалдиеванын айтымында, ал жакын арада журналисттер менен жолугушуу уюштуруп, комиссиянын ишин жыйынтыгын айтып берет.

Исмаилова өзү Сурабалдиеванын билдирүүсү менен макул эмес. Ал аткарылган иштер тууралуу бааны «бейтарап жана калыс» берүү керек деп билдирген.

«COVID-19 дартынан көз жумгандар тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматы Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасынан айырмаланышы мүмкүн. Анткени Улуттук статкомго өлгөндүгү тууралуу маалымкат патологоанатомдордун корутундусунан кийин ЗАГСтан келип түшөт. Саламаттык сактоо министрлигине болсо бардык саламаттык сактоо мекемелеринен оорунун тарыхы жазылган эпикриздерден келет», – деп билдирген ал.