ИИМ белгилүү кримтөбөл «Карышкырды» кармады

Материал 13:51де жаңыртылды

Ички иштер министрилигинин кызматкерлери «Карышкыр» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Мурсалым Умырзаковду кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 20-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Умырзаков «Алдамчылык» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.

Буга чейин  «24.kg» басылмасы жеке булактарына таянып, Умырзаковду УКМКнын кызматкерлери кармаганын жазган.

45 жаштагы Мурсалым Умырзаков «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Умырзаков 2010-жылы «Уурдоого» күнөөлүү деп табып, Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан 5 жылга кесилген. Бирок ал 2012-жылы мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

Кийинчерээк, 2013-жылы, укук коргоо органдары «Карышкыр» Орусияга чыгып кеткенин аныктап, ага издөө жарыяланган. Умырзаков Орусияга чыкканга чейин кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «кандын оор лейкоз дартына» чалдыкты деген медициналык корутундунун негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чеченстанга учуп кеткен.

«Карышкыр» 2013-жылдын ноябрь айында колго түшүп, Кыргызстанга жеткирилген. 2015-жылы анын жаза өтөө мөөнөтү бүтүп, Москвага учуп кеткен. Орусиялык «ПраймКрайм» басылмасы Умырзаков Азиз Батукаев тарабынан таажыланып, «мыйзамдагы ууру» наамына ээ болгонун жазган.

Көп өтпөй Умырзаков баңгизат менен кармалып, Москвадагы Бутырск тергөө изоляторуна жеткирилген. Ал эми ал жердеги кримтөбөлдөр Умырзаков «мыйзамдагы ууру» болбогонун жарыялап, аны «өзүнө жалган атак берүүчү» деп атаган.

Мындан сырткары Умырзаков өзү «мыйзамдагы ууру» наамынан 2017-жылы Архангельск шаарындагы колонияда баш тарткан.

2018-жылдын июнь айында «Карышкыр» Кыргызстанга жеткирилген. Ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.