«Жалал-Абадэлектр» ишканасынын бөлүм башчысы пара алып жатканда кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) «ЖалалАбадэлектр» ЖЧКсынын темир-бетон жабдыктарын даярдоо цехинин башчысы К.Б. аттуу кызматкерди пара алып жаткан учурда кармады.

Финполдун маалыматына караганда, буга чейин ЭКККнын райондук бөлүмүнө жеке ишкер кайрылып, мамлекеттик кызматкер товардык-материалдык жабдууларды кабыл алуу үчүн 90 миң сом опузалап жатканын билдирген.

Финполдон кабарлашкандай, шектүү жаран 14-январь күнү опузалаган сумманын жарымын – 40 миң сом – алып жаткан учурда колго түшкөн.

Бул факты кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине «Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу» беренеси боюнча катталган. Тергөө амалдары башталды.