Жапаров жумушсуз кыргызстандыктарды Орусияга «эшелондоп» жиберүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин 20-январдагы отурумунда «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров өлкөдө жумушсуз калган кыргызстандыктарды Орусияга массалык түрдө жиберүүгө көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Жапаровдун айтымында, пандемия учурунда Кыргызстанга 180 миң мекендеш кайткан. Мындан сырткары 150 миң жаран жумушчу рыногуна жаңы кирип, дагы 150 миң кишинин кирүүсү күтүлүүдө.

«Ошондо 500 миңге жакын киши жумушу жок жүрөт [...] Москванын мэри [Сергей] Собянин айтып жатат: “бир топ жумушчу орун бошоп, Москвада киши жок болуп жатат” деп. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып, поезддер менен биздин балдарыбызды жеткизгенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек», — деди Жапаров.

Жапаров кыргызстандыктарды Орусияга эмгек миграцияга жөнөтүү үчүн алардын жол киресине 5-10 млрд рубль жумшоо керектигин өкмөткө сунуштады. Ал ошондой эле, мигранттар бул каражаттарды кайра «бир-эки жылдын» ичинде кайтарып бергидей кылыш керектигин кошумчалады.

Депутат өлкөдөгү жумушсуздуктан улам уурулук көбөйүп кетти деген пикирин айтты.

«Жумушу жок болсо, анан ачка болсо, эл уурулукка барат да. Анан каякка барышат? Ошондуктан протоколдук тапшырма берсеңиз: муну кечиктирилгиз чара катары көрүп, өкмөт өзүнүн отурумунда бир айдын ичинде ушул көйгөйдү чечиш керек», — деп кайрылды Жапаров вице-спикер Аида Касымалиевага.

Төраганын орун басары Касымалиева Жапаровдун сунушун колдоп, бул маселе боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма бериле турганын билдирди.