Оштун мурдагы вице-мэри автоунаа ишканасына жетекчи болду

Саипжан Турдуев. Сүрөт:TMG

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Саипжан Турдуев шаардагы муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов 13-январда кол койгон. Ал эми вице-мэрлик кызматтан ал өткөн жылдын 21-декабрында бошотулган.

Турдуев вице-мэрлик кызматта 2018-жылдан 2020-жылга чейин иштеди.

Буга чейин 2020-жылдын 2-декабрында аталган ишканага Зорбек Бийзаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен жумушка келген болчу — мэриянын басма сөз катчысы ал өз каалоосу менен жумуштан кеткенин айтты.

Ал эми ага чейинки жетекчи Талант Капаров да өз каалоосу менен жумуштан кетип, 17-декабрда «Бишкек троллейбус башкармалыгына» жетекчи болуп барган.