Садыр Жапаров премьерликти тапшырып, өкмөт отставкага кетти

Президенттин милдетин аткаруучу, төрага Талант Мамытов Садыр Жапаровдун премьер-министрлик ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Буга чейин Боршайком 10-январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жеткенин расмий жарыялаган болчу. Андыктан Жапаров премьер-министрдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арыз берген.

Жарлыкка ылайык, өкмөттүн иштеп жаткан курамы кызматынан кетти деп эсептелет жана алар өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин милдеттерин аткарат.

*Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча өкмөт отставкага кеткенден кийин анын жаңы курамын парламенттеги көпчүлүк коалиция түзүп, Жогорку Кеңеш жактырат.

Парламент депутаты Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоодо көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровдун шайланган президент жана премьер-министр болуп турушу мыйзамсыз экенин билдирген. Ошондой эле, Жапаров инаугурацияга чейин өкмөт башчылыкты тапшырып бериши керектишин белгилеген.

10-январдагы президенттик шайлоо менен чогуу мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдум да өттү. БШКнын акыркы маалыматы боюнча добуш бергендердин 81,49%ы президенттик башкаруу формасын тандашкан.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январды Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Садыр Жапаровдун бийликке келиши

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда өлкөдөгү башаламандыктардын шартында барымтага алуу беренеси боюнча соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу кыска аралыкта премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырганга жетишти.

УКМКнын башчылыгына үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди дайындаган. Ал эми дагы бир жакын досу Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп, кийин президенттин милдетин аткаруучу болгон. Кадрдык алмашуулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири. Бул демилгелер коомчулук жана юристтер тарабынан дароо сынга алынган.