Ысык-Атада мал уурдоого шектелип эки өспүрүм кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аймактагы Юрьевка айылындагы мал уурдоо фактысы боюнча эки шектүүнү кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин маалымат кызматы «Клоопко» билдирди.

Ага ылайык, Юрьевка айылынын 67 жаштагы тургуну 17-январда милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 17-январга караган түнү анын сарайына белгисиз кишилер кирип, эки баш бодо малын уурдап кеткенин билдирген.

Укук коргоо органдары бул окуяны «Уурулук» беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөөнүн алкагында кылмышка шектелип, 17 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр 18-январда кармалды..

Буга чейин Ысык-Атанын милициясы 48 кой уурдаган үч шектүүнү кармаган. Кылмышкерлер «Коопсуз шаар» камералары аркылуу табылган.