Бишкекте «Пур-Пур» рестораны өрттөндү

22-январга караган түнү Бишкекте грузин ашканасынын «Пур-Пур» рестораны өрттөндү. ӨКМдин кабарына ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө эки жарым саат кеткен.

ӨКМ өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 01:39да келип түшкөнүн белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, ондулин менен жабылган, жалпы 200 чарчы метрди ээлеген жыгач чатыр, эки муздаткыч, эки идиш жуугуч машина, эки электромеш жана шкаф күйүп кеткен.

«Өрттү өчүрүүгө суу ташуучу унаа тартылган. Өрт саат 02:10дө чектөөгө алынган. 04:13тө толук өчүрүлгөн», — деп кабарлашты ӨКМден.