Сурабалдиева: USAID вакциналарды сактоо үчүн муздаткыч сатып бербейт

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева Pfizer компаниясынын вакциналарын сактоо үчүн USAID уюму атайын муздаткычтарды сатып бербей турганын Twitter барагына жазды.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында туура эмес маалымат берген.

«Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы министрдин парламентте ойлонбой туруп айткандары үчүн кечирим сурайт. Белгилүү болгондой, USAID муздаткыч алып берүү боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттык сактоо министри туура эмес сүйлөп алган», — деп жазды ал.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин отурумунда АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги Кыргызстанга америкалык Pfizer компаниясынын жана германиялык BioNTech фирмасынын COVID-19га каршы вакциналарын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды алып берерин билдирген.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 1 млн 200 миң дозасы акысыз бөлүнгөн. Бирок, Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин өлкөдө аларды сактоо үчүн муздаткычтар жок экенин билдирген. Вакцина -70⁰ температурада сакталышы керек.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев

«Канча муздаткыч жана канча 0,3 мл шприцтер керек экенин эсептеп бердик. Алар бизге 1,2 млн дозага акысыз беришет. Биз алар менен сүйлөштүк. Июнь айына бул муздаткычтар келип калат», — деген министр.

Ал эми USAID уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү «Клоопко» берген комментарийинде муздаткычтар боюнча так маалымат берген жок. Бирок, бул илдеттин алдын алуу боюнча кыргыз өкмөтү жана саламаттык сактоо министрлиги менен иштер улантыларын билдирди.

«АКШ КОВИД-19 менен күрөшүүдө Кыргызстанды колдоо үчүн 5 млн АКШ долларын USAID, АКШнын Ооруларды контролдоо борбору (CDC) жана Мамлекеттик департамент аркылуу бөлүп берди», — деп айтылат маалыматта.