Кыргызстанда коронавирус 104 кишиден аныкталды — жалпы 83 900 учур

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 24-январда өлкөдө коронавирустун жаңы 104 учуру катталганын маалымдады. Жаңы катталган учурлардын ичинде төрт медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Чүй облусунда — 43 (бир медкызматкер);

Бишкек шаарында — 35 (үч медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 13;

Ош шаарында — 5;

Жалал-Абад облусунда — 3;

Нарын облусунда — 2;

Ош облусунда — 1;

Талас облусунда — 1.

Өткөн суткада коронавирустан айыккан бейтаптардын саны 155ти түздү — анын ичинде үч медкызматкер бар.

Коронавирустан Бишкек шаарында — 59, Чүй облусунда — 44, Ысык-Көл облусунда — 25, Ош шаарында сегиз, Жалал-Абад облусунда — алты, Баткен облусунда беш, Ош жана Нарын облустарында төрттөн бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары коронавирустан Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 83 900гө жетти. Алардын ичинен 79 927 бейтап айыгып, 1 400 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө илдеттен 676 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат — алардын ичинен 33 киши өтө оор абалда. Ошондой эле, 967 адам үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.