«6,3 млн сомдук зыян». Прокуратура Сары-Моголдогу мектептин курулушунда бузууларды аныктады

Сүрөт: «Ынтымак»

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы Сары-Могол айылында жайгашкан мектептин курулушуна бөлүнгөн каражаттарды текшерип, бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, 2015-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Сары-Могол айылындагы мектептин спортзалын жана ашканасын куруу үчүн конкурс өткөргөн. Тендерди «С.» ЖЧКсы 24 млн 404 миң сомго утуп алган.

*Мамлекеттик сатып алуулар сайтында аталган тендерди «Строймебсервис» ЖЧКсы утуп алганы көрсөтүлгөн. Алгач курулуш иштерине 34 млн 575 миң сом кетирүү пландалган. Башкы прокуратура Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы аталган компаниянын эсебине 24 млн 404 миң сомду толугу менен которуп бергенин аныктады — ал эми келишимде алдын ала төлөө шарты көрсөтүлгөн эмес.

«Бирок 5 жылдан бери аталган орто мектептин спортзалын жана ашканасын куруу иштери аяктабай, мамлекетке жалпы 6 млн. 382 миң. 225 сомдук материалдык зыян келтирилген», — деп берилет Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Окуя боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.