Ошто баңгизат саткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду — УКМК

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Борбордук Азия өлкөлөрүнө маңзаттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзгөн 55 жана 59 жаштагы тургундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кармалгандардын унаасы тинтилген учурда 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат алынган. Ошондой эле, кампа жайларын да тинтүүдө 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылып алынды», — деп маалымдады атайын кызмат.

Экспертиза табылган маңзаттар нашаа экенин аныктады. Кармалгандар учурда УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен бир килограммдан ашык героин тапкан. Маалыматка ылайык, анын баасы 1 млн 139 миң сом, болжол менен 12 миңдей дозаны түзмөк. Шектелип кармалган тургунга «Баңгизат каражаттарын колдонууга көндүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.