Балбак Түлөбаев: Бишкекте томолой жетимдер жана селсаяктар үчүн үй курулат

Социалдык маселелер боюнча отурумдун жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын маалымдады. Түлөбаев өлкө башчы ага тоголок жетимдерге көп кабаттуу үй салуу тапшырмасын бергенин айтты.

Калаа башчысынын айтымында, учуруда вице-мэр Азамат Сагындык уулу курулуш иштерди жүргүзүү үчүн жер тилкесин издеп жатат.

«[Жер тилкелердин] бирөөсү “Учкунда”, экинчиси Ленин районунда — эки жерди даярдап жатабыз. Кудай буюрса, бир-эки жылда тоголок жетимдерге бир бөлмөлүү болсо дагы батирлерди беребиз», — деди Түлөбаев.

Ал Бишкектеги ар бир районунда канча жетим-жесирлер болгонун аныктоо тапшырмасын берди. Ошондой эле, бул объекттердин курулушуна Садыр Жапаров өзү каражат табууга убада бергенин кошумчалады.

Мындан сырткары Бишкектин мэринин м.а. шаардык бюджеттин эсебинен быйыл селсаяктар үчүн 200 орундук турак-жай салына турганын билдирди. Имарат «Бишкекреклама» муниципалдык ишкананын базасындагы 5 миң чарчы метр жер тилкесине салынат.

«Кышында-жайында көчөдө кыйналып жүрүшөт. Биз аларды ошол жакка киргизип, ошол жерден аларды жууп, тазалап, дарылап — эгерде паспорту жок болсо алып берип, айылына кайра жеткирип беришибиз керек», — деди Балбак Түлөбаев.

Түлөбаев селсаяктар үчүн салынган борбордо медициналык мекемелер, ашкана, мончо жана милиция кызматкерлери да болоорун кошумчалады.