Бир кадр менен: Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин аялы келди

Ырчы Айчүрөк Султанова фейсбук барагына Жаныш Бакиевдин колуктусу Орозгүл Токторбаева менен түшкөн сүрөтүн чыгарды. Бирок Султанова көп өтпөй сүрөттү өчүрүп койгон.

«“Достор” тобунун ажарлуу, мээримдүү досубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок. Жакшы долбоор менен келди. Ишине ийгилик!» — деп жазган Султанова бөлүшкөн сүрөтүндө.Орозгүл Токторбаева акыркы жылдары Жаныш Бакиев менен Минск шаарында жашап жүргөн. Алардын ортосунда бир бала бир кыз бар.

Жаныш Бакиев деген ким?

Жаныш Бакиев Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин иниси. Ал өлкөнү агасы башкарып турганда Мамлекеттик күзөт кызматын башкарган.

Сот 2013-жылы 2010-жылдагы апрель революциясында кулатылган президент Курманбек Бакиевди сыртынан 24 жылга эркинен ажыраткан, ал эми иниси Жаныш Бакиев өмүр бою кесилген.

Алар президенттик аппараттын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталышкан. Сот Жаныш Бакиевди адам өлтүрүү, кыйноо, адам уурдоо, УКТ түзүү жана өлгөн адамдын сөөгүн мазактоо боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Сот оор жана өзгөчө оор кылмыш жасаганы үчүн Жаныш Бакиевди «генерал-лейтенант» аскердик наамынан ажыраткан.

Учурда бир тууган Бакиевдер Беларуста жашайт — аларды Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы, Курманбек Бакиевдин үзөңгүлөшү Данияр Үсөнов (Даниил Урицкий) жетектеген БУБК компаниясы менен байланыштырып келишет. «Урицкий» Данияр Үсөнов экенин танып жүргөнү менен Беларустун президенти Александр Лукашенко аны Данияр деп атап, кыргыздар тууралуу айтып жүргөнү бар.

БУБК — 2016-жылы ачылган Белорусиянын мамлекеттик ишканасы. Ал өзүнүн жана чет элдик каражаттардын эсебинен Беларустун агро өнөр жайына 1 млрд доллар салууну көздөгөн.