Мэрия: Ош базарындагы сойкуканаларга рейд дайыма жүргүзүлүп турат

Мэриянын басма сөз кызматы ведомстволор аралык комиссиянын 27-январдагы жыйынында Ленин райондук акимчилигинин кызматкерлерине Ош базарынын айланасындагы сойкуканаларды жок кылууга багытталган рейд жүргүзүп туруу тапшырмасы берилгенин кабарлады.

Жыйынга Ленин РИИБнин, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана башка райондук кызматтардын кызматкерлери катышып, жыйында Ленин районунун башчысынын биринчи орун басары Алтынбек Маматов төрагалык кылды.

Райондук акимиаттарын кызматкерлерине рейдди дайыма жүргүзүп туруу тапшырмасы берилди.

2020-жылдын башында психикалык жактан оорулу жана жашы жете элек кызды Ысык-Көлдөн Бишкекке күч колдонуп алып келип, Ош базарындагы сойкуканалардын биринде кармап турушкан. Эки жумадан кийин жабырлануучу туугандарына байланышка чыккан – бул убакыт аралыгында өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлап, кыйноого алышкан.

Кыздын айтымында, күнүнө ага 20дай адам келип турган жана аны секс кызматтарын көрсөтүүгө мажбурлашкан. Сойкукананын кожоюну аны сабап, зордуктап, уктатпай, тамак-ашты ченеп берип турган.

Өспүрүм кыз кармалып турган сойкукана сыртынан дубалдары бийик болгон кадимки үйдөй көрүнөт. Ал үй Ош базарында милиция бөлүмүнүн маңдайында жайгашкан.

Башкы сүрөт: Бишкек ШИИБи. Өспүрүм кыз кармалып келген сойкукана