Салянова жана Елисеевдин лицензиясы. Жогорку сот ишти кайра кароодон баш тартты

Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Бакиевдердин юристи Алексей Елисеевдин лицензиясын калыбына келтирүү ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канаатандырган жок. Соттун басма сөз кызматы бул маалыматты «Клоопко» тастыктады.

«Жогорку соттун 27-январдагы токтому менен Саляновага карата козголгон кылмыш ишинин өндүрүшүн жаңы ачылган жагдайлардан улам жандандыруу өтүнүчү канаатандырылган жок», — деп билдиришти Жогорку соттон.

Аталган иш январдын башында эле кайра каралмак, бирок биринчи сот жыйыны болбой калган. Анда Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова өзүндө ишти кайра каралышына таасир этчү фактылар бар экенин билдирген.

«Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өкүмүндө, Елисеев Кыргызстанда узартылган лицензиянын негизинде Латвияда консалтинг компаниясын ачкан деп жазылган. Биз ал кезде, аталган лицензия Кыргызстандын аймагында гана юридикалык күчкө ээ экенин көрсөтүп бергенбиз. Ушул фактыга жана Латвия парламентинин консалтинг компаниясын ачуу үчүн эч убакта Кыргызстанда алынган адвокаттык лицензия керек эместиги тууралуу жообуна карабай, сот Салянованы күнөөлүү деп тапкан», — деп айтып берген Сыдыкова.

Анын айтымында, Саляновада Елисеев консалтинг компаниясын лицензиясын узартканга чейин эле ачканын далилдөөчү документтер болгон.

Салянова жана Елисеев

Мурдагы юстиция министри жана башкы прокурор Аида Салянова 2015-жылдын башынан тартып эле президент Алмазбек Атамбаевди ачык сындай баштаган.

2016-жылы Салянова Атамбаевдин конституциялык реформасына каршы чыккан жана өлкөнүн көрүнүктүү оппозициялык саясатчысына айланган.

2017-жылдын башында ал Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин юристи Елисеевдин иши боюнча суракка чакырылган.

Башкы прокуратура Салянова башында турган юстиция министрлиги Елисеевден соттолбогондугу тууралуу маалымкат сурабастан эле адвокаттык лицензиясын узартып берген деп айыптаган. Ошол эле 2017-жылы юрист Алексей Елисеев Аида Салянова менен тааныштыгы жоктугун, 2010-жылы адвокаттык лицензиясы узартылганы менен эч кандай пайда көрбөгөнүн айткан.

Елисеев ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максимге байланышкан кылмыш иштеринин фигуранты болгон. Башкы прокуратура анын лицензиясын узартуу менен бирге Юстиция министрлиги адвокаттын жеке материалдары тиркелген документтер топтомун дагы жок кылган деп шектеген.

Натыйжада, Бакиев режими кулагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Елисеевге сыртынан өкүм чыгарылып, сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Салянова өзү лицензия мыйзамдуу түрдө берилгенин жана аны четке кагууга негиз жок болгон деп айтууда. Ошондой эле Алексей Елисеев менен эч убакта тааныш болбогонун билдирген. Анын айтымында, минюсттун бардык кызматкерлери Елисеевдин лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгонун тастыкташкан, анткени эч кимиси адвокатка карата кылмыш иши козголгондугу тууралуу укук коргоо органдарынан келген катты көргөн эмес.

Лицензия иши боюнча Салянованы беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгып, кенже курактагы баласы болгондуктан жаза мөөнөтүн өтөө 2029-жылга чейин жылдырылган. Кылмыш ишинен улам Салянованын депутаттыгы мөөнөтүнөн мурда токтотулган.