Сегизбаев мыйзамсыз кармалды — адвокат

Абдил Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев Сегизбаевдин кармалышы мыйзамсыз экенин, анткени кармоо учурунда көптөгөн одоно бузууларга жол берилген деп билдирди.

Турдалиевдин айтымында, ал тергөөчүдөн ушундай учурларда адвокатка бериле турган бир дагы документ алган эмес.

«Кармаганга чейин ага кылмышка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүү керек болчу. Билдирүү болгон эмес. Менде азыр эч кандай документтер жок. Мен суракка алуу протоколунун көчүрмөсүн сураганымда беришкен жок. Бирок мыйзамга ылайык, тергөөчү болгон процессуалдык документтердин көчүрмөсүн адвокатка бериши керек», — деди адвокат.

Адвокаттын айтымында, алар кармалгандыгы жөнүндө протоколго эми гана кол коюшкан. Анда Белизгейт боюнча «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси көрсөтүлгөн.

Адвокат Сегизбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч берерин дагы билдирди. Турдалиев ага карата камакка алуу эмес, башка жеңил чара колдонсо болмок деп эсептейт.

Ошондой эле Турдалиев Сегизбаевге жер тилкелери боюнча эч кандай айып тагылбаганын кошумчалады.

«Сегизбаев алдады делген адамдардын бири, жел тилкесин мыйзамдуу түрдө сатканын, акчасын алганын жана эч кандай доосу жок экенин билдирип жатат. Экинчисин таппай жатышат. Бул жер тилкелери боюнча башка арыз болгон эмес», — дейт ал.

Адвокат Сегизбаев өзү бийликтин кылмыш жообуна тартуу аракетин саясий куугунтук деп эсептерин дагы кошумчалады.

Буга чейин, 22-январда Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы башчысы мамлекеттин жайыт жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алууга шектелип жатканын жана «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

25-январда Аскер прокуратурасы Абдил Сегизбаев кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган. Алардын маалыматына караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде башкы прокуратура тарабынан «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

«Белизгейт»

2016-жылы күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Президенттин дарегине айтылган сындардан кийин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев «ата мекенчилер» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышат деп билдирип, борбор америкалык Белиз мамлекетинен алынган деп айтылган документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтер «жасалма» деп ырасташып, ал эле эмес УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди сотко дагы беришкен. Бирок соттон утулуп калышкан. Ал эми Сегизбаев жумуштан кеткенден кийин УКМКнын жетекчиси болгон Идрис Кадыркулов келгенде, коопсуздук кызматына Белизден эч кандай документтер келип түшпөгөнү билинген.