«92 жер тилке». Абдил Сегизбаев коррупцияга шектелип жатат

Абдил Сегизбаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Коррупцияга» шектелип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 22-январда маалымдады.

Көзөмөл органдын билдирүүсүндө Сегизбаев Чүй облусундагы Аламүдүн райондук администрациясынын жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызматерлери менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүктөрүнө кол салышкандыгы кабарланат.

«Коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 гектар жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которуу жолу менен 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзүшкөн. Андан соң Сегизбаев бул кылмышты жашыруу максатында туугандарынын атына өткөрүп койгон», — деп жазылат ведомствонун маалыматында.

Тергөө Сегизбаевдин жакын туугандары Кундуз Сегизбаева жана «Г. Кеңешова» каза болуп калган жарандарга тиешелүү болгон 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин мыйзамсыз түрдө өз наамына өткөрүп алышкан деп эсептейт. Бул кылымышты жашыруу максатында алар Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып алышып, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте чет өлкөгө чыгып кетишкен.

Ошондой эле, мыйзамсыз ыйгарылып алынган тилкелерге жер салыктары төлөнбөй, уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөнү жана электр энергиясы менен камсыздалгандыгы аныкталды.

Башкы прокуратура мындан эки күн мурун чогултулган материалдардын негизинде Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Коррупция» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Абдил Сегизбаев

Абдил Сегизбаев — УКМКны 2015-жылдын ноябрынан баштап жетектей баштаган. Буга чейин ал ар кандай убакыттарда «Сорос-Кыргызстан» фондунда, Эл аралык швейцариялык ассоциациясы менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө эмгектенген.

Сегизбаев саясий ишмердигин 2003-жылы президент Аскар Акаевдин маалымат катчысы катары баштаган. 2011-жылы ал Атамбаевдин кеңешчиси болуп, андан соң президенттик аппаратты жетектеген.

2017-жылы ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев Сегизбаевге «генарал-майор» аскердик наамын ыйгарган. Сегизбаев бул наамды «улуттук коопсуздукту камсыз кылууга олутту салым кошкону» үчүн алган.

Ошондой эле, Сегизбаев үстүбүздөгү жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоого талапкер болгон. Шайлоодон кийин ал өзүнүн фейсбук баракчасында түз эфирге чыгып, шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Өткөн жылдын 30-декабрында дебат учурунда Сегизбаев Садыр Жапаров качкын президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар болушу мүмкүн экендигин айтып, Жапаровдун Бакиевдер менен тойдо бирге түшкөн сүрөтүн көрсөткөн.

Мындан сырткары, Сегизбаев Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарына карата күмөн ойлорун ортого салып, Жапаровго акчаны Бакиевдер бериши мүмкүн деп божомолдогон.

Ал эми Садыр Жапаров Таласта шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Сегизбаевде ага карата компромат жок экенин айткан.

Тема боюнча:

Абдил Сегизбаев дебатта Жапаровдун Бакиевдер менен байланышы тууралуу үн катты

«Бакиевдердин планы ишке ашты». Абдил Сегизбаев шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт