«Билет 67 800 сом». Орусияга авиабилеттин баасы жасалма жогорулатылганы тергелип жатат

Иллюстративдик сүрөт

Каржы полициясы Кыргызстандан Орусияга авиабилеттердин баасынын негизсиз көтөрүлүп жатканы боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдары Бишкектеги авиакассалардын биринен текшерүү үчүн «Бишкек — Москва» багыты боюнча билетти 67 миң 800 сомго сатып алышкан.

«Учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөнү аныкталды. Ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан», — деп берилет Каржы полициянын билдирүүсүндө.

Каржы полициясы бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусия кыргызстандыктардын аба аркылуу кирүүсүнө бир катар чектөөлөрдү киргизген. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Орусияга Кыргызстандан аптада бир эле жолу каттам болгондуктан билеттердин баасы кеминде эки эсе жогорулаган.

Эки мамлекеттин ортосундагы аба каттам

Орусия Кыргызстан менен авиа каттамды 2020-жылдын 21-сентябрынан тартып жандандырган. Ал убакта Орусиянын коронавируска каршы штабы учактар Бишкекке аптасына бир жолу каттап турарын билдирген.

Каттамдар ачылгандан кийин «Аэрофлоттун» кеңсесинин алдында Орусияга билет сатып алгысы келгендер менен аны алмаштырууну каалагандардын кезеги жаралган. Аларды кеңсеге тизме менен киргизип, ал эми айрымдар бир нече күн кезек күтүп турууга аргасыз болгон. Мындан тышкары, билет баасы кыйла кымбаттап, 25 миң сомдон 130 миң сомго чейин жеткен.

Эки өлкө ортосундагы аба каттамдар өткөн жылдын жаз айларында пандемиядан улам токтотулган – андан бери, көбүнесе Кыргызстанга кайткан жарандарды ташыган учактар конуп турган.

Орусияда жүз миңдеген кыргызстандык эмгектенет, алардын көбү учак менен каттайт. Мындан улам аба каттамдары ачылары менен билеттерге болгон муктаждык кескин өскөн.

ИТАР-ТАССтын маалыматына караганда, Орусиянын эң ири авиакомпанияларынын бири болгон «Урал аба жолдору» 2019-жылы 9,5 миллиондон ашуун жүргүнчү ташыган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров жумушсуз кыргызстандыктарды Орусияга «эшелондоп» жиберүүнү сунуштады