Галина Байтерек: Экс-президенттер Жапаровдун инаугурациясына чакырылды

Сооронбай Жээнбеков / Роза Отунбаева

Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун инаугурациясына экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков чакырылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

«Биз экс-президенттердин баарына, анын ичинде Отунбаева менен Жээнбековго чакыруу жибердик. Алмазбек Атамбаев белгилүү себептер менен келе албайт да. Ошондой эле, шайланган президент Садыр Жапаров өзү менен чогуу шайлоодо ат салышкан бардык атаандаштарын да инаугурацияга чакырды. Ал өзү бардык саясий күчтөрдү биригүүгө үндөп жатпайбы», — деди Байтерек.

Жапаровдун инаугурациясы 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Алгач Жапаровдун кызматка киришүү аземине 10 млн сомдой каражат сарпталары маалымдалган, бирок коомчулук нааразычылык билдире баштаган соң президенттик аппарат иш-чаранын чыгымдары кыскартыларын билдирген. Андан сырткары инаугурацияга даярдык көрүү үчүн Бишкектин борбордук көчөлөрү дагы жабылып, шаар тургундарына бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан. Алар нааразычылыктарын соцтармакта жазышкан. Бул окуядан кийин Жапаров инаугурация күнү аны эч кандай кортеж коштобой турганын айткан.

Роза Отунбаева 2010-жылда болгон Апрель революциясынан кийин алгач Убактылуу өкмөттүн башчысы, кийинчерээк президенттик кызматка келген. Ал бийликти 2011-жылдын 1-декабрында жаңы шайланган Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо 54,76% добуш алган. Бирок Жээнбеков толук мөөнөт отура алган жок — 2020-жылдын 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки массалык толкундоолордон кийин ал отставкага кетүүгө аргасыз болгон.

Конституция боюнча мамлекет башчысы алты жылга шайланат.