Түркияда террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды — алардын үчөө кыргызстандык

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» (ИМ) террористтик уюмунун 12 мүчөсү кармалганын кабарлады. Алардын үчөө кыргызстандык экени аныкталган.

* «Ислам мамлекети» Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюм.

Түрк тараптын маалыматына караганда, согушкерлер 31-декабрда Сириядан Түркияга мыйзамсыз өткөн учурда кармалган. Алардын арасында Орусиянын жана Өзбекстандын да жарандары болгон.

«Булардын ичинен бешөө Орусиянын жараны, төртөө Өзбекстандын жараны жана үчөө Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Алардын баары “Ислам мамлекетинин” террористтери болуп саналат», — деп билдирди Түркиянын коргоо министрлиги.

Ошондой эле, түркиялык кызматтын иликтөөсү боюнча кармалган адамдардын бири «кызыл категорияга» кирген, издөөдөгү согушкер экени аныкталган.