«Балта менен чабылган». Талаcта күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалды

Талас облусунун Манас районундагы Новодонецк айылында жолдошун өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы аял кармалды. Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 30-январда орун алган.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы кишинин сөөгү өзүнүн жашаган үйүндө табылган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, жеринен кароо жүргүзгөн учурда, денеси учтуу нерсе менен кесилип, урулган жаракат белгилери болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ал эми шектүү Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Турмуш» басылмасы маркум «балта менен чабылгандыгын» маалымдады. Басылма милицияга таянып окуя болгон күнү жубайлардын ортосунда чыр болгонун билдирди.

Буга чейин өткөн жылдын ноябрында 29 жаштагы Гүлжан Пасанова жолдошун өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Мунапыс боюнча мыйзамдын негизинде анын жазасы 3 жылга кыскартылган.

Пасанова менен 46 жаштагы жолдошунун ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан. Пасанова өз көрсөтмөсүндө күйөөсү мас болуп, ага бычак шилтегени, мындан улам коркуп кетип аны арматура менен башына чаап жибергенин айткан. Көп кан кеткендиктен жолдошу ооруканада каза тапкан.

Тема боюнча:

Коргонсоң да, кордолсоң да өз шоруң. Абактагы аялдардын тагдыры