Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповду жактырды

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Улукбек Мариповду жактырды. Аны депутаттардын бардыгы бир добуштан колдоого алды. Эми анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралат. Мариповдун талапкерлигин «Республика — Ата-Журт» фракциясы көрсөткөн.

*Көпчүлүк коалициянын курамына — КСДП, «Республика — Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары кирет.

Талкуунун жүрүшүндө алгач депутат Дастан Бекешев Мариповдун өзү эле келип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бергени туура эмес экенин, ал жаңы өкмөттүн курамын чогуу алып келип тааныштырышы керектигин айтты. Бирок депутат Зулпукар Төрөбаев талкуу регламент менен кетип жатканын, премьер-министрликке талапкер бекитилгенден кийин гана ал өкмөттүн жаңы курамын тааныштыра турганын билдирди.

Өз кезегинде, Марипов дагы Төрөбаевдин айткандарын колдоду.

«Эгерде премьердин талапкерлигин бекитип берсеңер, мен өкмөттүн курамын жана түзүмүн алып келип тааныштырам», — деди ал.

Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы өкмөттүн алдында турган негизги жумуштарга токтолду. Алар: COVID19 маселеси, кыштан чыгуу, энергетика маселеси, бюджет маселеси, экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштери. Андан сырткары Марипов быйыл саясий окуяларга жык толгон жыл болорун, алдыда референдум, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дагы бар экенин кошумчалады.

«Менин саясий амбициям жок»

Улукбек Марипов мамлекеттик жумушта иштегенине быйыл 20 жыл болорун айтты. Бул жыл аралыгында ал бир дагы партияга мүчө болбогонун белгиледи.

«20 жыл ичинде бир дагы партиягы мүчө болгон эмесмин. Кайсы кызматта болбосун өзүмдүн милдетимди так аткарганга аракет кылдым. Саясий амбиция жок, эгер ушул кызмат мага буюрган болсо, мен толук кандуу ушул — чарбалык [иштерди аткарам], экономиканы жандандыруу, социалдык маселелерди чечкенге толук салымымды кошом деп сиздерди ишендирип кетем», — деди ал.

Улукбек Марипов ким?

Марипов мамлекеттик кызматтагы эмгек жолун 2001-жылы Каржы министрлигинде жетектөөчү адис катары баштаган. Кийинчерээк ал Баткен облусунун ошол кездеги губернаторунун жардамчысы, Жогорку Кеңештин депутатынынын консультанты болуп иштеген. Ошондой эле, ал 2006-жылдан тарта президенттин администрациясында жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде да эмгектенген.

2011-2015-жылдары Марипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы, кийинчерээк президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал эми 2016-жылдын март айынан тарта ал Эсеп палатанын төрагасы болуп дайындалган.

Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов учурунда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Учурда Ош облусунун Ноокат аймактык оорукананын башкы дарыгери. Ал эми анын бир тууганы Бакытбек Марипов 2020-жылдын 16-ноябрында Ноокат районунун акими болуп дайындалган.

Ошондой эле ал экс-депутат Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы болгону айтылууда. Шадиев «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз» өткөн деп 2018-жылы декабрда мүлкүн конфискацялоо менен 10 жылга соттолгон.