Сурабалдиева: Коронавирустун «үчүнчү толкуну» болушу мүмкүн, ага даярдык көрүш керек

Вице-премьер м.а. Элвира Сурабалдиева Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясынын «үчүнчү толкуну» болушу мүмкүндүгүн айтып, ага толук кандуу даярдык көрүүнү тапшырды.

Бул тапшырманы Сурабалдиева 30-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Коронавирус инфекциясы боюнча илимий консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда берди. Тапшырма коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө жана медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөйт.

«Саламаттыкты сактоо уюмдарын коронавирус инфекциясынын мүмкүн боло турган үчүнчү толкунуна толук даярдыкты камсыз кылуу зарыл. Бул негизги жана резервдик керебеттерди жайгаштыруу, медициналык кызматкерлерди COVID-19 профилактикасы жана дарылоосу боюнча окутуу жана жаңыдан даярдоо, ошондой эле дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запастарын түзүү», — деп билдирди вице-премьер.

Сурабалдиева мамлекеттик, муниципалдык органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын коронавирус инфекциясына каршы туруу, ошондой эле финансы, гранттык жана гуманитардык көмөктү натыйжалуу пайдалануу маселесиндеги ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жүрүшүндө чыгарылган негизги жыйынтык жана сунуштамаларды эске алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Вице-премьер келечекте калкты коронавирус инфекциясынан вакцинациялоо маселеси боюнча иш улантылышы керектигин дагы кошумчалады.