Ысык-Көл: Милиция алдамчылык шеги менен УКТ мүчөсүн кармады

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы 30-январда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары каттоодо турган Чолпон-Ата шаарынын 24 жаштагы тургуну кармалганын кабарлады.

Маалыматкаа ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында 36 жаштагы жаран ага издөөгө алынган унааны сатып жиберишкенин айтып милицияга кайрылган. Доогердин айтымында, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны ага Замир аттуу жигит 2020-жылы март айында саткан. Жабырлануучу арызында материалдык чыгым тартканын билдирген.

Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен соттук чейинки өндүрүш башталган. Кармалган адам Ысык-Көл ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.