Бишкек мэриясы: Коомдук транспортто жол акысын көтөрүү маселеси талкууга коюлду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 1-февралда коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүү боюнча маселе талкуулана баштаганын маалымдады. Бардык кызыктар тараптар 2021-жылдын 16-февралына чейин сунуштарын бере алат.

Мэриянын маалыматы боюнча, учурдагы тариф транспортту өз убагында техникалык жактап тейлеп турууга жол бербейт. Мэрияны транспорттук карталарды маршруттук таксилерде колдонуу мүмкүн болбогондугу дагы тынчсыздантат.

Мэриянын божомолунда, тарифти жогорулатуу жүргүнчү ташыган компаниялардын, ошондой эле айдоочулардын экономикалык абалын жакшыртууга жардам берет, анын ичинде кадрлардын туруксуздугу кыскарат.

Ведомство талкууга катышкандар үчүн бир катар суроолорду даярдап, андан тышкары жарандар сунуштарын электрондук почта жана почта аркылуу дагы жөнөтө алышарын кабарлады.

Ведомство кабыл алынган сунуштар 21-февралга чейин муниципалитеттин сайтында жайгаштырыларын дагы билдирди.

Шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкекте жүргүнчүлөрдү эки муниципалдык ишкана — «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» жана «Бишкек троллейбустук башкармалык», ошондой эле жүргүнчү ташыган 39 жеке фирма ташыйт.

Ошол эле кезде мэриянын басма сөз кызматы жол кире акысы канча сомго көтөрүлөрүн айткан жок. Мурдарак мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев маршруттук таксиде жол кирени 15 сомго чейин, ал эми автобус жана троллейбустарда убакытка карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштаган. Пенсионер жана кичинекей балдар үчүн жеңилдетилген тарифти калтыруу сунушталган.

Мэрия жол кире акысын көбөйтүү маселесин коммдук талкууга айдоочулардын 18-19-январдагы иш таштоосунан кийин жол чыгарды. Анда маршруттук таксилердин 500дөй айдоочусу иш таштап, алгач тарифди 15 сомго, андан кийин 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан.

Жүргүнчү ташып иштегендер оор абалда болуп жатканын айтышууда — пандемиядан улам көбү жумушунан айрылып, ал эми транспортту тейлөө үчүн каражат жетпей жатат.

Ошондо мэрдин м.а. Балбак Түлөбаев учурда тарифти көтөрүү маселеси каралып жатканын, балким жол кире майдын аягында көтөрүлүп каларын белгилеген.

«Биз тарифти көтөрүп бергенге даярбыз. Бирок ал үчүн бир нече процедурадан өтүш керек», — деген ал.

Андан соң, 22-январда мэрияда жүргүнчү ташыган жеке фирмалардын жетекчилери менен маршруттук таксилердеги тарифти этабы менен көтөрүү маселеси талкууланган. Түлөбаевдин айтымында, маршруттук таксилердеги тарифти жогорулатуу тартибин ишке ашырууга болжол менен үч ай убакыт керектелет.