Бишкекте эки жерде өрт чыкты. ЖЭБдин аймагында конвейер жана КТБнын имараты күйүп жатат

Материал жаңыртылып турат.

2-февралда Бишкекте эки жерде өрт чыкты. Биринчиси «Аю Гранд» соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунда (ЦОН) чыкты. Өзгөчө кырдаал министрлигинен (ӨКМ) чакыруу 13:18де келип түшүп, өрттү өчүрүүгө бир бригада жөнөтүлгөнүн кабарлашты.

«Өрт Калкты тейлөө борборунун экинчи кабатында башталган. Саат 13:46га карата өрт чектөөгө алынган. Бирок толук өчүп бүтө элек», — деп белгилейт ӨКМ.

Телеграм каналдардан соода борборундагы адамдар эвакуацияланганын жазышууда, бирок ӨКМ бул маалыматты тастыктай алган жок. Октябрь РИИБинен тилсиз жоодон улам эч ким жабыр тартпаганын билдиришти.

Мындан тышкары, Жылуулук электр борборунун аймагында дагы өрт чыкты. ӨКМ өрт өчүрүү кызматына чалуу 12:55те келип түшкөнүн, аны өчүрүүгө үч бригада жөнөтүлгөнүн билдирди.

«Өрт өчүрүү кызматына түшкөн билдирүүдө конвейердин аймагында түтүн чыгып жатканы айтылган. Өрт аягына чейин өчүрүлө элек. Эмне күйүп жатканы кийин белгилүү болот», — деп билдиришти ӨКМден.

Бишкек ЖЭБден сактоочу кампадагы отун түшүрүүчү конвейердеги электр тогунун кыскача туташуусу болгонун кабарлашты.

«Өрт чыккан жер өчүрүлдү. Жумушчулар жабыркаган жок, конвейерлерге зыян келген жок. Учурда кабелдик линииялардын бүтүндүгүн текшерүү жүрүп жатат», — деп белгилешти ЖЭБден.